Пример HTML-страницы

Ат-башылык бүтүрүүчү Айсулуу Курманбекова «Алтын тамганын» артыкчылыктарын айтып берди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусу боюнча «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын 6 окуучу алды. Алардын бири — Айсулуу Курманбекова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Курманбекова Айсулуу Айбековна 2006-жылы 13-ноябрда Ат-Башы районунун Дыйкан айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Кадыркулов Айбек Курманбекович Акиш Капаров атындагы орто мектебинде география сабагынын мугалими, апасы Иманалиева Гүлзат Дүйшөнкуловна орус тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп эмгектенишет.

Айсулуу Акиш Капаров атындагы орто мектебин «Алтын тамга» менен аяктап жатат.

«2008-жылдан 2013-жылга чейин Дыйкан айылындагы мектепке чейин билим берүү уюмунда билим алгам. 2013-жылдын март, апрель, май айларында Акиш Капаров атындагы орто мектебинин даярдоо классында окугам. Ушул жылдын 1-сентябрында биринчи классына киргем.

2016-2018-жылдар аралыгында «Кенгуру» эл аралык сынагына катышып, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, диплом жана сертификаттын ээси болгом. 2018-2019-жылдары математика, кыргыз тили жана англис тили боюнча республикалык олимпиаданын облустук турунан өтүп, финалдык турда ардак грамота менен сыйлангам. 2019-жылы май айында «Жылдын билимдүү окуучусу» дипломун жана медалын алгам. 2019-2020-жылдары менталдык арифметика сабагы боюнча олимпиадага активдүү катышкам. 2023-жылы «Эскерүү поезд” патриоттук маданий-билим берүү долбооруна катышып, Россия Федерациясынын жана Беларусь Республикасынын Улуу Ата Мекендик согушта каармандык көрсөткөн шаарларын кыдырып келгем. Үй-бүлөдө төрт бир тууганмын», — деди ал.

Бүтүрүүчү «Алтын тамганын» артыкчылыктарын айтып берди.

«Алтын тамга» мектептеги мамлекеттик сынактардан бошотот. Орто кесиптик билим берүү мекемелерине сыноосуз эле өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми жогорку окуу жайларга тапшырууда эч кандай таасир этпейт. Бирок «Алтын тамга» жөндөмгө жана билимге болгон ишенимди арттырат.

Мектептеги окуу программалары окуучуларга ылайыктуу деп эсептейм. Ата-энем билим берүү жаатында эмгектенгендиктен, мугалимдердин түйшүгүн жакшы түшүнөм. Эгерде мен билим берүү министри болсом, мугалимдерге жүктөлгөн иш кагаздарынын санын азайтар элем. Ошондой эле, «Алтын тамга», жалпы республикалык тестирлөөнүн өткөрүлүүчү мөөнөтүн эртелетмекмин.

Менин ийгиликтеримдин аркасында ата-энем жана мугалимдерим турат. Аларга ыраазычылык билдирем. Ар дайым окууга шыктандырып, жылуу сөздөрү менен максатыма умтулууга түрткү берип келишти.

Кесип тандоо маселесин негизи эрте эле ойлонуу керек. Андан кийин ошого жараша керектүү предметтерге басым жасап, окуу зарыл. Эң негизгиси коомдун, башкалардын таңуулаган ою менен кесип тандап кетпей, өз алдыңча ойлонуп, чындыгында жүрөгүңө жакын болгон кесипти тандоо абдан маанилүү. Мен келечектеги кесибимди өзүмдүн жөндөмүмө жараша тандадым. Азыркы учурда ЖРТнын жыйынтыгын күтүп жатам. Жыйынтык чыккан соң, жогорку окуу жайына өтүп, медициналык кызматкер болууну эңсеп турам», — деди ал.

—————

Ат-Башы району боюнча «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алган бүтүрүүчүлөр:

1. Курманбекова Айсулуу — А.Капаров атындагы орто мектеп;

2. Жумабекова Айназик — К.Керималиев атындагы орто мектеп;

3. Муканбетов Галип — Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектеп;

4. Кеңешбекова Салима — К.Мамбеталиев атындагы орто мектеп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE