Ат-башылык 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепке китеп белек кылышты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылынын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектепке белектерди тапшырышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебининин 2004-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөр 1-класстын окуучуларына математика сабагы боюнча китептин биринчи жана экинчи бөлүгүн алып беришкен. Ал эми класс жетекчисине «Манас» үчилтиги боюнча 20 000 сомдук китепти белек кылышты.

Аталган бүтүрүүчүлөрдүн класс жетекчиси Кундуз Нааматованын айтымында, классында 16 эркек бала, 13 кыз бүткөн.

«Бүгүнкү күндө баары билимдүү болуп, жашоодо өз ордуларын таап, жакшы жумуштарды аркалап келишет. Баары үй-бүлө күтүп, балалуу болушту. Мен жаратканга миң мертебе ыраазымын, ушундай балдарды тарбиялап, билим бергениме», — деп кубанычын жашырган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️