Ат-Башыда түнү суу жээгине барган тургунга жырткыч кол салып, аны аялы аман алып калды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 51 жаштагы тургуну Жумабүбү Орозова жолдошуна кол салган карышкырды өлтүрдү. Ал окуянын чоо-жайын Turmush басылмасына айтып берди.

«Жолдошум Улан Дүйшөналиев экөөбүз мал багуу менен алекпиз. Ат-Башынын Сартал жайлоосуна чыгабыз. Бул окуя 2024-жылдын 22-майында саат 21:30 чамасында болгон.

Карышкыр 2-3 күндөн бери мал-жандыктарга кол салып жаткан. Үчүнчү күн дегенде жолдошум суунун жээгине жуулган бут кийимин алууга барган. Суунун жээгинен карышкыр ага кол салып, «жардамга» деп кыйкырган. Чуркап барсам, карышкыр жолдошум менен алышып жатыптыр. Ушундай учурда эмне кыларыңды билбей, нес болуп калат экенсиң. Үйгө чуркап кирип, бычак менен жип алып чыктым. Кырышкыр секирип кол салган учурда, жолдошум колу менен карышкырдын оозун тосуп кармаган. Экөө алышып жатканда, кырышкырдын бутун жип менен байлай калдым. Андан соң карышкырды 2-3 жолу бычак менен сайып жибердим.

Жолдошумдун колуна карышкырдын 2 тиши кирип кеткен, вакцина алып баарыбыз дарыландык. Албетте корктум, бирок ошого карабастан жолдошумду сактап калуу үчүн ушул ишти кылдым. Кошуналар алыс болгондуктан эч ким бизди уккан жок. Ал карышкырды текшерүү үчүн алып кетишкен, натыйжада таза деп чыкты. Учурда жолдошумдун абалы жакшы, тиштелген колу айыгып калды. Негизи ал жакта карышкыр көп. Жолдошум экөөбүздүн 1 уул жана 2 кызыбыз бар», — дейт Жумабүбү Орозова.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush басылмасы Жети-Өгүз районунун алыскы Ак-Шыйрак айылынын тургуну Эсенжан кызы Элнура жолдошуна кол салган карышкырды бычак менен өлтүргөнүн жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️