Ат-Башыда сөөк коюуда ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча президенттин жарлыгы талкууланды

TurmushАт-Башы районунда президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы талкууланды.

Жыйынга аким Эмилбек Абдыкадыров мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар кеңешинин төрагалары, имамдар, жергиликтүү жашоочулар катышты. Анда бир нече сунуштар айтылды. Эми алар жогору жакка сунушталып, анын негизинде жобо иштелип чыгат.

Буга чейин аталган жарлык боюнча 9 адамдан турган жумушчу топ түзүлүп, эл менен жолугушууларды өткүрүп келишкен. Анда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү, диний экстремизмдин алдын алуу боюнча айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️