Ат-Башыда ооруканага түшкөн балдардын саны көбөйдү. Дарыгер себебин айтты

Ат-Башыда ооруканага түшкөн балдардын саны көбөйдү. Дарыгер себебин айтты Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун балдар бөлүмүндө ноябрь айынан бери эң көбү 40, эң азы 30га чукул бала дарыланып жатат. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн башкы дарыгери Шакен Мамбеткадырова билдирди.

Анын айтымында, бул көрүнүш жыл сайын суук түшкөндө кайталанат.

«Кыш айларында жыл сайын район эмес, бүт республика боюнча балдардын сасык тумоо оорусу, өпкөсүнөн сезгенүүсү, бронхит оорулары көп болот. Бизде дагы балдардын ооруганы көбөйдү. Азыр бөлүмдө 40тан ашык бала жатып дарыланып жатышат. Балдарга курч бронхит, бронхопневмония диагноздору коюлду.

Көбүнчө үйдөн ар кайсы дарыны ичип, өтүшүп кеткенде келип жатышат. Азыр эң чоң көйгөй деп айтсам болот. Дарыканада иштегендер багыттам берип коюп жатышат. Негизи дарыгерге көрүнүү керек. Ата-эне өз билемдик менен ар кайсы антибиотик менен дарылап, болбой калганда келишүүдө. Өз билемдик менен антибиотик берүү кооптуу. Азыр балдардын көбү эле анемия менен ооругандар, ден соолугу таза болуп, ата-энеси жакшы баккан балдар көп келген жок. Мектеп, бала бакчадан жуктургандар, эки-үч баласы менен жатып калгандар бар.

Негизи балдар бөлүмүнө 14 койка бөлүнгөн. Ооругандар аябай көп болгондуктан гинекология жана хирургиянын бирден палатасын толук алып, пайдаланып жатабыз. Ар бир палатада 7ден койка коюлуп жатат», — деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️