Ат-Башыда милиция кызматкерлеринин арасында футбол боюнча мелдеш өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунда милиция кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү.

Маалым болгондой, спорттук иш-чара Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жаштар иштери инспекциясы тарабынан 7-июль — Жаштар иштери инспекциясынын түзүлгөн күнүнө жана Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата «Кошой» стадионунда уюштурулду.

Жыйынтыгында 1-орунду нөөмөт бөлүгүнүн кызматкерлери, 2-орунду Казыбек жана Баш-Кайынды айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, 3-орунду тергөө кызматынын кызматкерлери ээлешти. Жеңүүчүлөргө медалдар жана белектер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️