Пример HTML-страницы

Ат-Башыда мамлекеттик туунун 31 жылдыгы жана ак калпак күнү белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунда мамлекеттик туунун 31 жылдыгы жана ак калпак күнү белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чара Ат-Башы айылынын борбордук көчөсүндө мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлеринин жөө жүрүшү менен коштолду.

Аземди Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиев ачып, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров майрамдык иш-чарага чогулгандарды куттуктады.

Саамалык Ат-Башы райондук маданият бөлүмүнүн чыгармачыл жамаатынын концерттик программасы менен коштолду. Майрамдык салтанат райондогу айыл өкмөттөрдө да белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE