Пример HTML-страницы

Ат-Башыда колдонулган чач өрүү салты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧач өрүү — кыргыздын каада-салттарынын бири. Бул каада Нарын облусунун айрым райондорунда колдонулбай калды. Ал эми Ат-Башы районунда келин алгандардын баары колдонот.

Илгери кыз бала күйөөгө узатылып жатканда беш көкүл чачы экиге өрүлүп, шөкүлө кийгизишчү. Келин алган тарап нике кыйылган күндүн эртеси келиндин чачын ак жолтой, очор-бачарлуу бүлө болсун деп сары май менен майлап өрүп, учуна ак кебез байлап коюшкан. Анын чачын бир жагынан өкүл апасына, экинчи жагынан бала төрөгөн, очор-бачарлуу, кадыр-барктуу аялга ырымдап өрдүрүшкөн. Чач өрүлүп жатканда келинге жакшы акыл-насааттар айтылган.

Отурган аялдар тарабынан келиндин чачынын узундугуна, калыңдыгына баа берилген. Себеби узун, калың чач болсо, келиндин ден соолугу жакшы жана ден соолугу чың бала төрөйт деп айтылган. Андан соң келинди отурган аялдарга жүгүнтүп, чачыла чачылып, үй ээси тойду уланткан. Той берип жаткан үй-бүлөнү айылдагылар чач өрөт бекен деп күтүшкөн.

Экинчи жолу турмушка чыккан келиндин чачы өрүлгөн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE