Ат-Башыда кар көчкү түшкөн жол тазаланып жатат (видео)

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүнө бара жаткандагы Кында жолуна 1-2 метр калыңдыкта 3 жерге кар көчкү түштү.

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Болот Абдыжапаровдун айтымында, учурда райондук жол тейлөө мекемелеринин кызматкерлери техникалары менен тазалап жатат.

«Кечээ жолду ачууга келгенбиз. Бүгүн түнү менен түшкөн көчкүнү тазалоого аракет кылып, Ак-Сай өрөөнүнө карата жолду ачабыз. Адистер кооптуу 15 жер бар дешти. Дагы кар көчкү жүрүп кетиши мүмкүн деп жатышат. Бирок ошого карабай, эл ачкыла деп талап коюшкандыктан айла жок ачып жатабыз», — деди Болот Абдыжапаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️