Пример HTML-страницы

Ат-Башыда көк бөрүдө жеңүүчү болгон улакчыларга жеңил унаа берилди. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында көк бөрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу акимдин орун басары Жылдыз Жантелиева билдирди.

Анын айтымында, оюнда ар бир айыл өкмөттөн келген улакчылар команда менен ойноп, жалпысынан 15 команда катышты. Спорттук иш-чара райондогу тургундардын ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулду.

Жеңүүчүлөр:

— 1-орун — 1995-жылы туулган улакчылар;

— 2-орун — 1993-жылы туулган улакчылар;

— 3-орун — 2001-жылы туулган улакчылар.

1-орунду жеңгендерге «Жигули» унаасы, 2-орун үчүн 30 000 сом, 3-орун үчүн 20 000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE