Ат-Башыда эл жана турак жай фондун каттоого 212 каттоочу тартылды

TurmushАт-Башы районунда 212 каттоочу эл жана турак жай фондун каттап баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук статистика бөлүмүнүн жетекчиси Баатырбек Керимбеков билдирди.

Анын айтымында, эл жана турак жай фондун каттоого жергиликтүү бюджеттен 760 миң сом каралган. Атайын буйрутма менен 29 баннер жасалып, мерчемдүү жерлерге илинген. Каттоого район боюнча 21 инструктор-контролёрлор, 212 каттоочу тартылган. Айыл өкмөттөр бир-экиден резервге каттоочу алып коюшкан.

Инструктор-контролёрлордун ишин көзөмөлдөөгө 4 координатор дайындалган. Мындан тышкары район жетекчисинин буйругу менен ар бир мекеме-ишканалардын жетекчилеринен айылдарга кураторлор бекитилген. Алар каттоонун кандай деңгээлде жүрүп жатканынан кабар алып турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️