Ат-Башыда акын Абылкасым Жутакеевди эскеришти

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунда акын жана жазуучу Абылкасым Жутакеевди эскертүү иш-чарасы өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата уюштурулду. Анда Абылкасым Жутакеевдин кыргыз маданиятындагы жана коомдогу орду, басып өткөн жолу боюнча маалымат берилди. Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектептин окуучулары тарабынан комуз күүсү жаңырды. Эскерүү иш-чарасы Ак-Жар айылынын Жаналы уулу Абдырахман атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган сценка жана көркөм ырларды окуу менен жыйынтыкталды.

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациянын, аксакалдар жана аялдар кеңешинин өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, Абылкасым Жутакеевдин жакындары катышты.

Абылкасым Жутакеев 1888-жылы Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган. Ал ата-энесинен өтө эрте ажырап, каралашар кишиси жок, ар кимдин малын багып, отунун алып күн көрөт. Оор турмуш, көкөйүн кескен жокчулук да анын алгачкы ырларынын мазмунуна айланат. Он беш жашка келгенде Буудайчы деген молдонун жардамы менен сабатсыздыгын жоюп, өзүнүн алгачкы ырларын кагаз бетине түшүрө баштаган. Ырчылык жөндөмдүүлүгү эрте ойгонуп, той-аштарда ырдай баштайт. Карапайым элдин көргөн күнү, күткөн тилеги А.Жутакеевдин «Кайран эл», «Кайткан эл», «16-жыл» аттуу чыгармаларынын өзөгүн түзгөн.

1924-жылы В.И.Лениндин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу акын өзүнүн «Ленин кошогу» аттуу чыгармасын жазган.

Абылкасым Жутакеев — кыргыз адабиятынын тарыхына өз көркөм чыгармалары менен белгилүү салым кошкон жазгыч акындардын бири. Анын «Ленин кошогу», «Качак турмушу», «Үч доор» аттуу чыгармалары кыргыз элинин арасында белгилүү. «Жетимдик», «Жокчулук» деген чыгармалары бар.

Пример HTML-страницы

Акын 1931-жылы дүйнө салган.

Turmush 2018-жылдын июль айында Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев атындагы орто мектебинде акындын айкели орнотулганын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️