Ат-Башыда 3,7 миллион сомдук жер тилкелер мамлекеттин эсебине кайтарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун прокуратурасы тарабынан жеке тараптарга мыйзамсыз берилген жерлер мамлекетке кайтарылды.

Маалым болгондой, прокуратура өткөн жылы жер мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө багытында 6 текшерүү жүргүзүп, 6 мыйзам бузуу аныкталган. Мамлекетке келтирилген 234 миң 684 сом акчалай зыян жана 3 миллион 728 миң сомдук жер тилкелери мамлекеттин эсебине кайтарылды. Быйылкы жылдын 6 айында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 113 миң 250 сом акча мамлекетке кайтарылган.

Учурда саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, мыйзамсыз ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен имараттарды, орун жайларды, курулмаларды жана жер тилкелерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️