Ат-Башыда 21 жаштагы жигиттин сөөгү табылган. Апасы уулунун сырдуу өлүмү тууралуу айтып берди. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАт-Башы районундагы Ат-Башы айыл аймагына караштуу Ак-Өргө конушунун тургуну Гүлүмкан Айдакеева Turmush басылмасынын кабарчысына уулунун өлүмү тууралуу айтып берди.

Гүлүмкан Айдакеева уулу — 21 жаштагы Аксайбек Эсенгул уулунан 2023-жылдын июль айында айрылган. Анын айтымында, уулу киши колдуу болгон. Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын бири болчу.

«Былтыр 2022-жылы 10-июль күнү уулумдан айрылып калдым. Балам Ак-Сай өрөөнүнө кайын атамдардын жылкысын караганы кеткен эле. Ал жерде жок болуп, кайра Ат-Башыга келе жатып айылдашы тарабынан өлтүрүлгөн. Баламды 3 күн издедик. Денеси каналдан табылды. Бирок Ат-Башы РИИБден бул ишти жөн гана жаап коюшту. Бул иш боюнча сурап барсам, улам эле тергөөчүлөр алмашып кетип жатты. Күндө ыйлайбыз, бул ишти карап берген киши жок. Буга чейин баламдын жанындагы бала милицияга «көкүрөккө чапкам» деп айтып, бирок кийин «көргөн жокмун» деп чыга келди.

Сөөктү жууганга эки аяшымды киргиздим. Алар «желке жагы канап жатат, киши колдуу эле болгон, кан оромосунан өтүп кетти» дешти. Оң бөйрөк жагы шишик экенин, оң капталы соо эмес, көк ала, бети-башы шишик, так болуп калганын айтышты», — деди ал.

Ал өлкө жетекчилигинен жардам сурады.

Пример HTML-страницы

Ал эми Нарын облустук ички иштер башкармалыгы Turmush басылмасына бул окуя боюнча комментарий берди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 9-июлунда Ат-Башы районунун тургуну — 1970-жылы туулган С.Э. арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 7-июлунан бери 2002-жылы туулган уулу Э.А. Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүнүн Кында участкасынан ат минип келе жатып, Ак-Муз айылына караштуу Кичи-Ача участкасында аты калып, уулу жоголуп жаткандыгын билдирген.

Аталган факты Ат-Башы РИИБ тарабынан каттого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Билдирүү боюнча Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына караштуу Кичи-Ача участкасына Ат-Башы РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган учурда жагдайлар аныкталган.

2023-жылдын 3-июль күнү эртең менен Ак-Жар айылына караштуу Таш-Өтөк участкасындагы Ат-Башы айылынын тургуну К.И.нин сарайынан Э.А. жана Ат-Башы айылынын 1983-жылы туулган тургуну Ч.М. болуп, малдарын айдап, Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүнүн Аш-Төр жайлоосуна чыгышкан.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2023-жылдын 10-июлунда Ак-Муз айылына караштуу Чолпонбай участкасынан Э.А. минип жүргөн атынын ээр токуму, тердиктери талаада чачылып калганы аныкталган. Ээр токум калган жерден каналга чейинки аралык болжол менен 400 метр. Канал менен батышты карай аралыкта, тактап айтканда Ак-Моюн айылынын күн батыш тарабында жайгашкан каналдагы суудан Э.А.нын жансыз денеси табылган. Жансыз денесин сыртынан кароо жүргүзгөндө күч колдонулган белгилери байкалган эмес.

2023-жылдын 11-июль күнү Э.А.нын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал сууга чөгүп каза болгондугу жана алкоголдук уулануунун орточо даражадагы этил спирти аныкталгандыгы боюнча тыянак чыгарылган.

Бул окуя боюнча комиссиялык соттук-мединициналык эскпертиза да дайындалып, жыйынтыгында маркум сууга чөгүп каза болгондугу жана каза болгонго чейин спирт ичимдигин ичкендиги аныкталаган.

«Жогорудагы факт боюнча 2023-жылдын 10-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️