Пример HTML-страницы

Ат-Башыда 18 жаштан жогорку эркектер медициналык кароодон өткөрүлүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Тал айылында 18-жаштан жогорку эркектер медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Дарыгерлердин айтымында, эркектердин арасында жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу максатында «Жооптуу Бол» акциясын өткөрүп жатышат. Анда жарандардын кан басымы, бою, салмагы текшерилет. Бул акция жалпы республика боюнча жүрүүдө.

Азыркы тапта жаш балдар кант диабетине чалдыгып, кан басымы кѳтѳрүлүп, инсультка чейин барып жатышат. Ушундан улам алдын ала текшерилип туруу абдан маанилүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE