Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районунун Калинин айылында Нооруз майрамына карата улуттук көк бөрү оюну өткөрүлдү.
Уюштуруучулардын айтымында, оюндун максаты жашоочулар арасында ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Мелдеш Ат-Башы районунун 1990-жылы туулган тургундар тарабынан уюштурулду. Оюнга жалпы 11 команда катышты.
Жыйынтык:
— 1-орун — 1991-жылы туулган улакчылар, «Жигули» үлгүсүндөгү унаа жана кубок берилди;
— 2-орун — 1995-жылы туулган улакчылар, 40 000 сом;
— 3-орун — улуу муун, 30 000 сом;
— 4-орун — 2001-жылы туулган улакчылар, 12 000 сом
Ошондой эле «Мыкты оюнчу», «Мыкты аргымак» наамдары берилди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.