Пример HTML-страницы

Ат-Башы районунда социалдык келишим түзгөн үй-бүлөлөргө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы району боюнча быйыл, 2024-жылы 318 үй-бүлөгө социалдык келишим менен 100 миң сомдон берилет. Анын ичинен 100 үй-бүлөгө аталган каражат тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сертификат тапшыруу иш-чарасына жетекчилер катышып, ишкерлик баштай турчу 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Буга чейин 5-июнда 50-үй бүлөгө Бүткүн дүйнөлүк банк тарабынан 100 миң сомдон берилген.

Социалык келишим менен каражат алган үй-бүлө жөлөк пулунун 3 айын алган соң токтотулат.

Мындан сырткары, буга чейин социалдык келишим менен ишкерлик баштап, жакшы аракет менен ийгилик жаратып жаткан 10 үй-бүлөгө кошумча колдоо үчүн пайызсыз каражат берилет.

——

«Социалдык келишим» долбоорунун алкагында аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон каражат кайтарымсыз негизде берилет.

Мындан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү каржылык сабаттуулукка үйрөтүп, бизнес-план түзүүгө жардам берип, узак мөөнөттүү бизнести ийгиликтүү жүргүзүү боюнча кеңештер айтылат. 2022-жылы бул долбоордун алкагында 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген.

Ал эми 2023-жылы 8 миңден ашык үй-бүлөгө чакан ишкерлик үчүн 100 миң сомдон берилген. Аталган жылы өлкөнүн бардык аймактарынан бул долбоорго жалпысынан 10 миңдей аз камсыз болгон үй-бүлөнү камтуу пландалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE