Пример HTML-страницы

Ат-Башы районунда кымыз былтыркы жылга салыштырмалуу арзан сатылып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАт-Башы районунун борборунда кымыздын 1 литри 160 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Көп жылдан бери базарда кымыз сатып келе жаткан Калипа Жакыпованын айтымында, былтыр бул маалда кызмыздын литри 120 сомдон сатылган.

«Сезонду жыл сайын ушундай маалда баштайбыз. Баасы бара-бара түшөт. Кымыз башка жылдагыларга салыштырмалуу арзаныраак сатылып жатат. Мисалы, былтыр ушул эле маалда 1 литр кымызды 200 сомдон сатканбыз. Быйыл 160 сомдон болуп жатат. 5 литрге чейин алып жатышат», — деди ал.

Буга чейин Нарын шаарында кымыздын литри 200 сомдон болуп жаткандыгы айтылган.

——-

Ден соолук үчүн бээнин жаңы саалган сүтү, саамал жана кымыз колдонулат. Бээнин сүтү жана кымыз менен дарылоо май айынын ортосунда башталып, июлдун орто ченине, Үркөр жылдызы чыкканга чейин улантылат.

Көрөңгөсүнүн (кымыздын ачыткысы көрөңгө деп аталат, ал жакшы бышылган кымыздан калтырылат) көлөмүнө, ачыткан убактысына жараша кымыздын күчтүүлүгү ар кандай болот. Көрөңгөсү көп жана көпкө турган кымызда спирттин деңгээли жогору болуп, ал эми жаңы сүт кошулган кымыз жеңил келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE