Ат-Башы районунда былтыр картошкадан чыгым тарткан дыйкандар быйыл аны аз айдашты

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунда быйыл картошка аз айдалды. Себеби, акыркы мезгилде анын баасы кескин түшүп, дыйкандар чыгым тартып калышууда.

Ат-Башы райондук айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кенжебек Качкынбаевдин айтымында, быйыл Ат-Башы району боюнча жалпы 8364 гектар жер айдалган.

«Негизи быйыл 8313 гектар жер айдоону пландаганбыз. Бирок 8364 гектар жер айдалды. Мунун ичинен 17 гектар жерге буудай, 3155 гектар жерге арпа, 1140 жерге картошка, 43 гектар жерге жашылча, 4009 гектар жерге чөпкө чабыла турчу сулу айдалды.

Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл 51 гектар ашык айдалды. Буудай менен картошка азыраак айдалды. Баары билгендей эле, картошканын баасы түшүп кеткендиктен, көп киши айдаган жок же болбосо жылдагыдан азыраак айдалды десек болот», — деди ал.

Эске салсак, былтыр, 2023-жылы Теңир-Тоо аймагында дыйкандар картошканы дүң баада 11-13 сомдон сатышкан.

Пример HTML-страницы

«Быйылкы жылы картошканын баасы жакшы болбой, мээнетибиз акталбай калды. Жаз алдында күйүүчү май, техника, элита сортундагы картошканын үрөнүн 116 сомдон (1 кг) жогору алганбыз. Күз келгенде жаздагы чыгымды актаса керек деп ойлогом. Сентябрь айынын аягында картошканы 15 сомдон алып жатат дегенди укканбыз. Бирок картошка толук казылып калганда баа түшүп кетти. Нарындын базарына барып алып, 20 сомдон араң саттым. Айрым кардарлар: «Үйгө чейин жеткирип берсең алабыз» деп туруп алгандыктан, айла жок бештен мүшөк алгандарды үйүнө чейин жеткирип бердим. Калганын айлыкка чейин деп 18 сомдон карызга таратып салдым», — деген Нарын районунун тургуну Адилет Кубатбеков.

Нарын шаарындагы базарда соодагерлер картошканын килограммын 20 сомдон 25 сомго чейин сатышкан.

Ал эми Ат-Башы районунда картошка 25 сомдон, дүң баада 8 сомдон сатылган. Райондун көпчүлүк тургундары картошка айдагандыктан, 2023-жылы дагы картошкадан жакшы кирешеге таба албай калган.

Быйыл, 2024-жылы Ысык-Көл облусундагы дыйкандар картошкадан баш тартып, кулпунай өстүрүп жатканы жазылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️