Пример HTML-страницы

Ат-Башы районунда 23,4 млн сомго инновациялык китепкана салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун борборуна инновациялык китепкана курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Имаратты курууга 23 497 863 сом сарпталган. Ат-Башы райондук китепкананын директору Асыл Шапкееванын айтымында, райондук китепкана эми Бүбүсайра Кыдыкова атындагы моделдик инновациялык китепкана болуп иш алып барууда.

Китепкана 3 кабаттан турат, үстүндө балдар бөлүмү, конференциялык зал, тейлөө бөлүмү, экинчи кабатында жалпы тейлөө, астында китеп топтоо, сактоо жайы бар. Имараттын архитектурасын ат-башылык архитекторлор түзүп, курулуш дермөөрчүлөр тарабынан каржыланган.

«Бул жерде районубуздагы бардык окурмандарды жеткиликтүү тейлөөгө аракет кылабыз. Жаңы форматта иш алып барабыз. Мугалимдер менен келишим түзүп, англис тили, ЖРТга даярдоого аракет кылабыз. Ата-энелер бала бакчага чейинки балдары менен келип, убактысын пайдалуу өткөрүшсө болот. Бул жерде жогорку ылдымдыктагы интернет менен 10 ноутбук, 4 сыналгы бар», — деди директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE