Пример HTML-страницы

Ат-Башы районуна көмүр жетиштүү тартылып жатабы?

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районундагы жеригиликтүү тургундарга көмүр тартылып баштады. Бул тууралуу акимдин орун басары Болот Абдыжапаров билдирди.

Буга чейин Ат-Башы районунда айрым тургундар сатып алууга көмүр таппай жатышканы айтылган.

«Бизде азыр ар бир айылда көмүр кампалар бар. Бирок элдер ал жерге жеткирбей, «КамАЗдардан» эле алып кетип жатат. Себеби, көмүрдү кампага түшүрүп, кайра жүктөгөн өзүнчө чыгым болот. Элдер буйрутма берип, келгенде үйлөрүнө эле түшүрүп жатат. Негизи азыр социалдык объектилер 98 пайыз көмүр менен камсыз болду. Калкка 23 пайыз, 3000 тоннадан ашык көмүр келип түштү. Кечээтен бери Молдонун-Бели жабылды. Эл Туруктун көмүрүн күтүп жатат», — деди ал.

Анын айтымында, район боюнча көмүрдүн баасы 4800 сом. Аны Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бекитип берген.

«Турукка өткөн жумада барганбыз. Ал жерде жеке менчик компания иштеп жатат. Эртерээк бергиле деп жатабыз. Тоонун жардырууга эле 1 ай убакыт кетти деп жатат. Жарылса эле көмүр берип баштайт.

Азыр Кара-Кечеден ташып жатышат. Баасы 4800 сом. Үйүнө чейин жеткирип берсе, баа башкача болот. Бирок базага түшүрүп алып, 5000 сомдон саткан факты болсо, чара колдонулат», — деди ал.

Ат-Башыга көмүр тартып жаткан Кумар Малдыбаев көмүр тартуу дагы оңой эмес экендигин айтат.

«Азыр Бишкекке көмүр тартып жатабыз. Буюрса, ушул жума Ат-Башыга ташыйбыз. Кээде көмүр кенде 3-4 сутка жатып калган убакыт болот. Шүгүр кылып иштеп жатабыз», — деди ал.

Буга чейин Ак-Талаа районундагы Турук көмүр кенинде жардыруу иши орун алганы, бирок, жардыруу чала болуп калганы айтылган. Эми экинчи жардыруу ишине даярдыктар көрүлүп жатат.

Учурда карьердин астында 500 тоннадан ашык көмүрдүн кору бар. Ал жер 4-5 күндүн аралыгында тазаланып, алынган көмүр Ат-Башы жана Ак-Талаа райондоруна берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE