Пример HTML-страницы

Ат-Башы айылында үй тибиндеги эки бала бакча ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында үй тибиндеги эки бала бакча иштеп баштады.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бала бакчалар «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ачылды. «Кенч билим» бала бакчасы 2 жаштан баштап алса, «Наристе» бала бакчасы балдарды 6 айлынан тарта кабыл алат. Бала бакчалардын бири 10, экинчиси 15 орундуу болуп ачылды.

«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү каралган.

2023-жылдын мартында Министрлер кабинети тарабынан 100 күндүк «Өкмөттүк акселераторлор» программасы ишке ашырылып, анын биринчи багыты мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана мектепке чейинки билим берүү менен балдарды камтууну жогорулатуу болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE