Пример HTML-страницы

Ат-Башы—Ача-Кайыңды унаа жолундагы көпүрө 12,8 млн сомго кайра кеңейтилип курулду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАт-Башы—Ача-Кайыңды унаа жолундагы көпүрөгө асфальт төшөө иштери аяктады, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жалпы узундугу 210 метр, аянты 1239 чарчы метрди түзгөн көпүрөнүн унаа өтүүчү тилкесине асфальт төшөлгөн.

Аталган көпүрө 2004-жылы курулган. Ал кезде узундугу 189, туурасы 4,75 метр гана болгон. Көпүрө тар болгондуктан, 2 унаа катары менен өтө алчу эмес. Мындан улам мамлекеттик бюджеттен 12 млн 857 миң сом бөлүнүп, туурасын 2 метрге кеңейтүү иштери жүргүзүлгөн.

Курулуш иши 2023-жылдын 15-октябрында башталган. Курулушту «Кыргызавтожол» мамлекеттик мекемесине караштуу №1 жол куруу башкармалыгы жүргүзсө, асфальттоо иштерин райондук №20 жол тейлөө мекемеси тарабынан жасалды.

Адистердин айтымында, көпүрө -30 градус аба ырайында тоңбогон заманбап курулуш материалдары менен жасалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE