Пример HTML-страницы

Асыл тукум жылкы баккан ысык-көлдүк Тилек Камбарбеков Арашан койлорду көбөйтүүнү колго алды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын 34 жаштагы тургуну Тилек Камбарбеков Арашан тукумундагы койлорду багып баштады. Фермер менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Т.Камбарбеков кесиби боюнча юрист. Үй-бүлөлүү эки уул, бир кыздын атасы. Учурда ал ата жолун улап, асыл тукум мал чарбасын колго алып жатат.

«1990-жылы Түп районуна караштуу Михайловка айылында жарык дүйнөгө келгем. Т.Г.Шевченко атындагы жалпы билим берүү мектебинде 11-классты аяктадым. Андан соң Каракол шаарындагы институттун юридикалык бөлүмүнө тапшырып, билим алдым. Окууну бүткөндөн киийн Бишкек шаарында соода тармагында эмгектенип, кийин айылга келип, ата жолун улантып келе жатам.

Эң алгачкы жолу 2010-жылы таза кандуу жылкы баласына кызыгып, 120 миң сомго асыл тукум тай сатып алган элек. Анын тукумун көбөйтүп жүрүп, айылдаш саяпкерге күлүк таптатып, ат чабыштарга катышып жүрдүк. Баш байгени албасак да, алдыңкы орундарды багындырып жүрдүк. Азыркы тапта жылкыларды азайтып, 6 айлык кулундарды 90 миң сомго баалап, тукумга сатуудабыз», — деди ал.

Асыл тукум жылкыдан Арашан кой багууга өткөн тургун учурда кой баласын багуу жөнөкөй жана кирешелүү экенин белгиледи.

«Кой багууну колго алардан мурун айылдаш агабыздан 200 миң сомго 9 Арашан козу сатып алдым. Аны акырындык менен көбөйтүп отуруп, асыл тукум мал куралып калды. Жылкыдан койго өтүүнүн себеби кирешелүү экен. Мисалы, азыр бир жаштагы таза кандуу токту 6 миң сомго чейин бааланат. Бою 1 метрден ашат, ал эми таза салмагы 90-150 килограммаг чейин барат. Эң негизгиси жем, чөптү кадимки койлордой эле талап кылып, 3 маал берилет. Келечекте Ысык-Көлдүн бренди катары Арашан койлорун дүйнөгө тааныткым келет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE