Асман шаарына долбоор сунуштаган жаш ойлоп табуучу Рахим Саматов эл аралык сынакта баш байгени багындырды

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун 8-классынын окуучусу Рахим Саматов жүк ташуучу роботу менен эл аралык сынакта баш байгени багындырды. Бул тууралуу райондук билим берүү борборунан билдиришти.

Райондук балдар билим борборундагы робот техникасы ийриминин мугалими Турат Иманбековдун айтымында, окуучусу 3 жылдан бери машыгып келет.

«Рахим облуста өткөн “Креативдүү идеялар жана технологиялар кербени” сынагында баш байгени алып, Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык мелдешке жолдомо алган.

Бул сынакта адамдар жүк көтөрүп ден соолугуна залакасын тийгизбеши үчүн ушул долбоорун жактап берди. Робот соода түйүндөрүндө жана талаада иштөөгө жөндөмдүү», — дейт ал.

———————————————————————-

Пример HTML-страницы

4-октябрда Каракол шаарында «Креативдүү идеалар жана технологиялар кербени» өткөнүн аймактык кабарчы билдирген.

Анда облустун район, шаарларынан келген 48 окуучу билимин сынаган.

Окуучулар робот техникасы, авиациялык моделдөө, автомоделдөө, архитектуралык моделдөө, ракеталык моделдөө, өнөр жай жана графикалык дизайн, табигый материалдардан жасалган буюмдарын көргөзүшкөн.

———————————————————————-

Turmush 2022-жылы Рахим Саматов «Асман» — келечектеги «Экологиялык таза шаар» долбооруна «Асман» жолун сунуштаганын жазган.

Р.Саматов келечекте архитектор болууну каалайт. Ал бул учурга чейин жыгачтан үйлөрдүн макетин тургузуп келген.

«Мен кагаз жана жыгачтан унаа, үйлөрдү жасай берчүмүн. 2021-жылы ата-энем Ак-Суу райондук балдар билим борборундагы ийримге катыш деп багыт беришти. Мен ал жактан робототехника ийримин тандадым. Бир жылдан бери ар кандай роботторду курап келебиз. Мага абдан жагат. Мен «Жол тыгынын жана унаа кырсыктарын кантип азайтса болот?» деген ойдун үстүндө иштеп жүрдүм. Учурда техника абдан көп болгондуктан «Асман» жолдору менен жүрсө, тыгын да, кырсык да азаят. Аны мен көл жээгине курулуучу «Асман» шаарына сунуштайт элем. Шаар ичинде коопсуз да болот. Анткени биз мектепке баратканда, бөбөктөр бала бакчага баратканда жолдон өтө албай коркушат. Алар үчүн милиция кызматкерлери жана мектептин жамааты жооптуу болуп, балдарды жетелеп, жолдон өткөрүшөт. Мен сунуштаган долбоордо мындай түйшүк дагы жок», — дейт жаш ойлоп табуучу.

Рахим бул долбоору аркылуу эл аралык сынакка да катышкан.

«11-15-октябрь күндөрү Ош шаарында «Креативдүү технологиялардын кербени» фестивалы өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусь, Армения жана Өзбекстандан 300дөн ашык бала катышты. Менин долбоорума өзүм теңдүү жаш ойлоп табуучулар кызыкты. Бул долбоор боюнча Бейшенбек, Турат агайларымдан кеңеш алып, бир жумада жасап бүттүм. Мен бул асман жолдорун ишке киргизүү үчүн дагы да бул иштин үстүнөн иштей берем. Келечекте архитектор болсом, адам баласынын коопсуздугу үчүн, ошондой эле ыңгайсыздыктарды алдын алуу багытындагы иштерди жасайм», — деген Р.Саматов.

Келечекке чоң максаттарды койгон Рахим мектепте да жакшы окуйт.

«Мектепте жакшы окуйм, кол эмгек сабагына өтө кызыгам. Бул багытта мектептен, райондон алган ардак грамоталарым бар. Ата-энем жана бир туугандарым менин кызыгуумду абдан колдошот жана мен аларга ыраазымын. Үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсүмүн», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️