Аскар Салымбеков Нарын шаарында 80 млн сомго курган сүрөт галереясын мамлекетке өткөрүп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushБелгилүү коомдук ишмер Аскар Салымбеков өзү түптөгөн Нарын шаарындагы «AS» көркөм галереясын Маданият министрлигине өткөрүп берди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сүрөт галереясы 2001-жылы уюшулуп, куруу жана жабдуу үчүн 80 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн.

Курулуш иштерин жана материалдык-техникалык камсыздоону «Дордой» ассоциациясы каржылаган. Галереянын ишмердүүлүгү 23 жылдан бери үзгүлтүксүз каржыланып, оңдоп-түздөө жана кызматкерлердин эмгек акысын төлөө иштери да жүргүзүлүп келген.

Галереяда 600дөн ашуун экспонат көрсөтүлгөн. Анын ичинде көркөм сүрөт, скульптура, графика жана прикладдык искусство чыгармалары бар. Бул экспонаттардын арасында жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн, ошондой эле АКШ, Франция, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлган.

Бул жерде жыл сайын жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдеги көргөзмөлөр уюштурулуп, Нарын шаарынын маданий жашоосунда өзгөчө орунду ээлейт.

Пример HTML-страницы

Маданият министри Алтынбек Максүтов Аскар Салымбековго ыраазычылыгын билдирди.

«Бир адамга кичинекей буюмду берип койсоң «туура бердимби» деп ичиң оорушу мүмкүн. Ал эми бул тархый мурас. Көп экспонаттарды объектилери менен 20-30 жыл бою чогулткан эмгектерди Маданият министрлигине өткөрүп берүү үчүн Аскар байкедей айкөл болуш керек. Айтып коюу оңой бирок мындай иш бардык адамдын колунан келе бербейт. Бул жагын билимкана, галерея, өнөркана, музей кылып, «мамлекетке, элге түбөлүк кызмат кылсын» деп өткөрүп берип жатат. Аскар агага ыраазычылык билдирем», — деди ал.

Коомдук ишмер Аскар Салымбеков бул галереяны Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына арнап салып берген.

Мындан сырткары, Ат-Башыдагы спорт комплексин жана музейди мамлекетке өткөрүп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️