Аскар Салымбеков Ат-Башыда өзү түптөгөн музейди мамлекетке өткөрүп берди (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Кара-Суу айылындагы «Кошой-Коргон» археологиялык жана этнографиялык музейи мамлекеттин базасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, бул музей 2007-жылы ишкер Аскар Салымбеков тарабынан түзүлгөн. Мекемени өткөрүп алуу иш-чарасында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баш болгон кызматкерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Музейдин курулушуна жана экспонаттарын камсыздоого 7 миллион сом бөлүнгөн. Ал улуттук тарых, маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу максатында ачылган. Ал Теңир-Тоо аймагында 7 кылымдан ашык убакыт мурун жашап өткөн көчмөн цивилизациясынын мурастарын сактап келет. Жергиликтүү жана чет элдик туристтер үчүн маданий жана тарыхый мааниге ээ объект болуп саналат.

Музей 2 негизги бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү «Кошой-Коргон» шаарчасынын археологиялык табылгаларына арналса, экинчи бөлүгү көчмөн маданияттын буюмдарын камтыйт. 2010-жылы музейге сүрөт искусствосунун галереясы кошулуп, ал эл аралык көргөзмөлөрдүн сүрөттөрү менен толукталган. 2017-жылдан баштап музейдин аймагында жашылдандыруу иштерин жүргүзүү башталып, келечекте бул аймакты чакан паркка айлантуу максаты коюлган.

Аскар Салымбеков «Кошой-Коргон» тарыхый музейин мамлекеттин балансына өткөрүп берген мындан ары жакшы натыйжалар болоруна ишенерин айтты.

Пример HTML-страницы

«Музейди Маданият министрлигинин балансына берели деп чечтик. Келечекте бул жер, бир кезде кандай гүлдөп турса ошондой жакшы деңгээлде гүлдөйт денген ишеним бар. Биз дайыма силерге көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Эл менен, коомчулук менен бирге эң сонун жерге айландыралы», — деди ал.

Маданият министри Алтынбек Максүтов бул объект үчүн атайын долбоор иштелип чыкканын белгиледи.

«Убагында Кошой-Коргон кандай курулган болсо ошонун баарын изилдеп чыктык. Ар бир облуста тарыхый имарат, чептерибизди калыбына келтирүү максатында тарыхый мурастарыбыздын долбоорун иштеп чыктык. Ошондой эле Кошой-Коргондун дагы долбоорун иштеп чыктык. Кошой-Коргонду куруп, калыбына келтирүү максаты — биринчиден тарыхыбызды бекемдөө, экинчиден конокко келген туристтерге атат-бабаларыбыз курган шаар коргондор кандай болгонун көрсөтүү. Бул боюнча мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин башчысы дагы тапшырма берген. Ошол тапшырманын негизинде иштеп жатабыз.

Ар бир жердин чыгаан уулдары болот. Аскар Салымбеков агай бул жерге зор салымын кошуп, кулап калганда, кыйынчылык убакта чекелерин тосуп, кароолчу жалдап, айыл өкмөтү менен сүйлөшүп, музей салдырган.

Бүгүн Ат-Башы районундагы музейди, китепкана, спорт комплекти жана Нарын шаарындагы галереяны өткөрүп берүү аземи болуп атат. Эң башкысы тарыхый мурастарыбызды кайра изилдеп, реставрациялап чыгууга шарт түзүлдү десек болот», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️