Аскар Акаевдин тушунда менчиктештирилген Ысык-Көлдөгү пансионаттын кейиштүү абалы

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Бостери айылынын тургундары «Асыл-Таш» пансионатынын азыркы абалынан сүрөттөрү менен бөлүштү. Пансионаттын абалы жылдан жылга начарлап баратат.

Жергиликтүү эс алуучулардын айтымында, жыл сайын пансионаттын айланасынын абалы начарлап, көл жээги кароосуз калып, көп жылдык бак-дарактар куурап, имараттар эскирип, жыл сайын оңдоп-түзөө иштери алгылыксыз болуп, муктаждыкка жооп бербейт.

Имараттын өзүндөгү бөлмөлөр оңдоого муктаж. Пансионат жалпы 13 гектар жерди ээлегени менен, эс алуучулар айткандай жашыл карагайдын ичи суунун жоктугунан куурап, мурунку көрүнүшүн жоготкон.

2024-жылдын июнь айынын башында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев Tazabek басылмасына берген маегинде 12 пансионат тазалоочу жайлардын бузулушунан улам өз ишин токтотконун билдирген. Далиев пансионаттар менен конок үйлөрдө экологиялык нормалардын одоно бузулушу аныкталганын айтат.

Буга байланыштуу алардын ишмердүүлүгү токтотулган. Алардын арасында Бостери айылындагы «Асыл-Таш» пансионаты да болгон.

Пример HTML-страницы

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматы боюнча, 1991-жылдан бери 7 миңден ашык мамлекеттик объектилер менчиктештирилген.

Tazabek 1991-жылдан бери Кыргызстандагы бардык менчиктештирилген мүлктөр боюнча бир катар рецензияларды жарыялап келет. Бул жеке колго сатылган коомдук тамактануу жайлары, анын ичинде кафелер, ресторандар, ашканалар, ошондой эле сатылган фотосалондор, мастерскаялар, дарыканалар, мейманканалар, студиялар жана химиялык тазалоочу жайлар жөнүндө материалдар.

Маалыматка ылайык, пансионаттарды менчиктештирүү 1999-жылы башталган.

Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматы боюнча, 1999-жылдан бери өлкө боюнча 80ден ашык пансионаттар, эс алуу үйлөрү, лагерлер жана ден соолукту чыңдоо комплекстери менчиктештирилген. Алардын көбү Ысык-Көл облусунда жайгашкан.

Ачык булактарда 2002-жылы «Асыл-Таш» пансионаты 13 гектар жээк жери менен 12,7 миллион сомго [2002-жылдын июль-август айына карата доллардын курсу 46 сом, бул болжол менен 276 миң 86,9 долларды түзөт] сатыкка коюлганы айтылат. Ал менчиктештирилип кеткен.

Кыргызстандын Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп, кийин объекттин реалдуу баасы ошол кезде 74,9 миллион сомду түзгөнүн аныктаган.

Маселен, «Асыл-Таш» пансионатындагы үч кабаттуу жатакананын имараты 2002-жылдын 15-августунда 902 миң 500 сомго менчиктештирилген.

Анда президент Аскар Акаев болгон, ал эми КРдин Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматын Равшан Жээнбеков аркалаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️