Аскадагы окуядан соң «FlyJump» комплексинин ээси кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushАламүдүн районунда аркан менен секирүү учурунда каза тапкан адамдын өлүмү боюнча «FlyJump» спорт комплексинин ээси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 6-июлда саат 13:30 чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылынын тушунда жайгашкан «FlyJump» спорт комплексинде аскадан секирүү учурунда аркан үзүлүп кеткен. Натыйжада 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жаран ошол жерден каза болгон.

Бул факт Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки өндүрүш иштери башталды.

«Топтолгон материалдардын жана жабырлануучунун жакындарынын арызынын негизинде бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин (керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектелип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 1996-жылы туулган жаран Н.А. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат облустук милициянын билдирүүсүндө.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы
  • Буга чейин Turmush басылмасы Чуңкурчак капчыгайында аркан менен секирүү учурунда орто жаштагы киши кулап түшкөнүн жазган.

Күбөлөрдүн айтымында, жеринде дарыгерлер кишиге жардам берүүгө аракет кылышкан, бирок ал алган жаракатынан улам көз жумган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум үй-бүлөсү менен биргеликте аркан менен секирүү үчүн келген. Анын жанында 3 баласы бар болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️