Пример HTML-страницы

Аска бетине 100дөй ысым чегилген. Эколог Кулан-Сайдагы байыркы жазуулар тууралуу айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Көк-Ой айылынын үстүндө Кулан-Сай капчыгайы бар. Ал жерде аска бетине тартылган байыркы жазуучуларды көрүүгө болорун эколог Гамал Соронкулов билдирди.

Анын айтымында, капчыгай Талас шаарынан 7 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.

«Кулан-Сай археологиялык эстеликтери тууралуу маалыматта буга чейинки изилдөөлөргө ылайык, биздин заманга чейинки 2-миң, биздин замандын 1-миң жылдыгына таандык көрүстөндөр, аска бетиндеги сүрөттөр жана жазуулар айтылат. Бул капчыгайдын экинчи аты жергиликтүү жашоочулардын арасында Кулан же Чийим-Таш деп айтылган. Алар Кулан-Сайдын жээгиндеги түзөңдөргө жайгашып, бийиктиги 1 метрге жеткен таш, топурактар менен корумдалган. Таштардын бетине кишилердин, тоо эчкилердин, жырткыч айбанаттардын сүрөттөрү чеберчилик менен тартылган. Ошондой эле аска бетинен 18 саптан турган согд жазуусу табылып, андан 100гө жакын түрк элдерине мүнөздүү эркек жана аял аттары кездешкен», — деп билдирди эколог.

Ачык булактардагы маалымат боюнча, согд тили — согдулуктардын тили. Инд-иран тил тобунун чыгыш иран топчосуна кирет. Орто Азиянын ар кай жеринен табылган биздин заманга чейин 1-кылымдын аягы, биздин замандын 9-кылымындагы жазма даректерден белгилүү. Согд тилинде байыркы иран тилдериндеги флексия бузулуп, грамматикалык маанилер синтетикалык форма менен эмес, аналитикалык форма менен туюнтула баштаган. Фонетикасында жарылма жоон үнсүздөрдүн кабактала келүү (спирантташуу) кубулушу байкалат. Согд тилинен кийин ягноб тили чыккан.

Буга чейин Turmush Талас районунда багыт көрсөткөн жазма эстелик табылганын жазган.

«Манас» эпосу музейинин илимий кызматкери Сиятбек Ибралиевдин айтымында, жазма эстелик тоо кыркасынын арасында орун алган.

«Байыркы тарыхый жайыбыз Талас районундагы Кулан-Сай аттуу тоо кыркасынын арасынан орун алган экен. Текабкет шаар чалдыбарынан кийин оң тарапка түндүктү көздөй жүрүп отуруп, совет мезгилинде койлорго куут жүргүзгөн мал короого жетип бардык. Андан ары унаа жолу бүткөндүгүнө байланыштуу керектүү жабдыктарыбызды жана аппараттарыбызды жонубузга асынып, сапарыбызды уладык. Сай аралап, түндүктү көздөй жогорулап отуруп, болжол менен эки чакырымдай жерди баскандан кийин болжолдонгон жерибизге жетип бардык. Байыркы жазуулар жол боюнда болгондуктан, сай ичи менен жүргөн ар бир адам кездештирсе болот экен. Өз учурунда өтө чеберчилик менен чегишкен экен. Кадимки китти элестеткен бул таштын бир капталы тегизделип, адам бою жеткиз жерине (бийиктиги 1,40 сантиметрден 2,30 сантиметрге чейин, ал эми туурасы 2,80 сантиметрге чейин) төрт бурчтук үлгүдө тигинен жайгаштырылып жазылган. Бул жазма эстеликтин керемет касиети ушунда экен. Адамга алыстан эле байкалып, жол жээгиндеги багыт берүүчү белги катары эсептедик. Жазуулардын жанына барсаң, өтө чеберчилик мене чегилип түшүрүлгөн. Өзгөчө керемет жаралган тарыхый эстеликтин кооздугуна суктанбай коё албайт экенсиң. Тамгалары этияттык менен бир кылка тегиз, таштын оң тарабынын жогору тарабына 18 сап катары менен тикесинен жазылган. Чегип түшүргөн адам дагы ушундай чоң көлөмдөгү таштын бетин биринчи кезекте тегиздеп алып, андан кийин жазма эстеликти калтырганын көрүүгө болот», — деди ал.

Экспедиция тобунун мүчөлөрү эстеликти ченөө, үлгүсүн алуу жана сүрөткө, тасмага түшүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

«Эстеликтин үстү жагында болжол менен 20-25 метрдей аралыкта түп жагы жайылган таш менен курчалган чынар терек өсүп турат. Жоондугу үч адамдын кулачы жетпей тургандай көрүнөт.

Биз сай аралап келе жатканыбызда чөптөр күнгө күйүп, жерлер саргарып калганына күбө болгонбуз. Ал эми бул чынар тереги бар эстеликтин айланасы көккө бөлөнүп, алдынан булакты жолуктурдук. Бир өзүнчө эле жомоктогу оазиске түшүп калгандай болдук. Анан чынар терек менен таш эстеликтин ортосунда дагы бир жарылган таштын ортосунан өсүп чыккан талды учураттык. Ушул эле эстеликтин чыгыш тарабындагы үңкүр дагы кызыгууну арттырды. Оозу үч бөлүктөн турган, ортосу адам баткыдай тегерекче таш менен курчалган үңкүр экен», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE