Асел жаңы жылдын алдындагы окуядан кийин жашоосун өзгөртүүгө бел байлады

TurmushАр бир күнүн кордук көрүү менен өткөргөн Асел Нурдинова жаңы жылга саналуу күндөр калганда күйөөсүнөн катуу токмок жеп, ата-энесин майрамы менен куттуктап бара алган жок. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну.

Анын айтымында, жолдошу кызганычтын айынан токмоктогон. 21 жаштагы жаш келин ар кандай шылтоо себеп болуп зомбулук көрүп келе жатканына эки жылдын жүзү болгон. 19 жашында ата-энесинин каалоосу менен турмушка чыкканын, ар бир күнү коркуу менен өтөрүн айтат.

«Мен 19 жашымда турмушка чыккам. Ортодо 1 кызыбыз бар. Бул жаңы жылдын алдында болгон окуя. Аяштарыбыз менен отурушка барып келгенден кийин, себепсиз эле кызганычтын айынан сабады. Буга чейин деле күн сайын жаңжал кылып, мени урат эле. Жада калса кайненем да «келинге окшоп иш кыла албайсың» деп урчу. Ушуга чейин чыдап жүргөм, бул жолкусунда чыдай албайм. Тийиштүү жакка кайрылам. Бирок азыр каякка, кимге кайрыларымды билбей турам» ,- дейт Асел Нурдинова.

  • Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстан аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча эл аралык глобалдык индексте 97-орунда турат.

Зомбулукка кабылган аялдардын көпчүлүгү психологиялык жактан жабыркашат. Психолог Дөөлөткан Кабыкова зомбулук көргөн аялдар менен көп жылдан бери иштешип келет. Анын пикиринде, мындай учурда аларга биринчи эле жылуу сөз менен колдоо керек.

«Зомбулукту алдын алуу үчүн эң жакшы ыкма — тарбиялоо, аны шыктандыруу. Аял экендиги үчүн сыймыктана тургандай кылып, мыкты экенин сездирип, моралдык жактан тарбиялаш керек. А бизде кыздар экинчи сорттой каралат. Келин болгондо дагы ага болгон мамилеси өзгөрөт. Зомбулукту алдын алуу үчүн эң биринчи аялдар улуттун келечеги экенин эстеп жүрүүсү абзел.

Пример HTML-страницы

Күйөөсү тарабынан кызганычтан же кандайдыр бир болбогон себептерден улам көп жолу зомбулук көргөн аялдарга «күйөөң менен жашоо мүмкүн эместигин сезсең, анда аны менен бирге жашоонун кереги жок. Анткени жашоо бир келет жана ур-тепки үчүн, жаныңды кыйноо үчүн жаралган эмессиң» деп түшүндүрүп, башка жолдорун көрсөтүш керек. Кайрылган адамдарга медициналык-психологиялык жардам беришибиз керек. Дагы бир узак убакытка созула турган чара — психологиялык жактан өстүргөнгө аракет кылып, аларга өздөрүн өздөрү камсыз кылганды, өзүнө ишениш керектигин сездирүү зарыл», — деди ал.

Зомбулукка аялдар гана эмес, эркектер да кабылат. Психолог Мухаммед Диордун айтымында, кыздарды кичинесинен урса да, макул бол деген тарбия менен чоңойткондуктан зомбулукка кабылган аялдар көп болуп келет.

«Адамдар жашоодон алган көз карашын да өзгөртүш керек. Жабыркаган аялдар гана эмес, эркектер да бар. Баарына бирдей кароо керек. Бирок аял кишиге зомбулук көрсөтүү көп болот. Кичинесинен үй-бүлөдө ошол нерсеге ынандырып коюшат. «Урса да, зомбулук көрсөтсө да, макул бол» деп, «сен эмне болсо да чыда, эгер ажырашсаң, ажырашып кетиптир деген сөз ээрчийт. Бул жакшы эмес» деген түшүнүктү сиңирип коюшат. Ошондуктан үйдө туура тарбия берилсе, коомдо мындай маселелер жаралбайт», — деди ал.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын зомбулук боюнча 2500ден 3500ге чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшкөн эмес. 2020-жылы бул көрсөткүч 9000ден ашкан. Статистика көрсөткөндөй, алардын дээрлик 90%ы же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️