Асан Жанышов дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту

Кыргыз спорт жанылыктары

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Асан Жанышов Албанияда өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло тагынды.

23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы дүйнө биринчилиги Албанияда өтүүдө.

Жанышов 87 кг салмакта күч сынашып, мелдештин жарым финалына чейин жеткен. Бирок атаандашына жеңилип, үчүнчү орун үчүн күрөшө турган болгон.

Коло үчүн кармашта Жанышов америкалык Жон Жейкобсон менен кез келип, аны беттештин биринчи бөлүгүндө эле 9:0 эсебинде жеңди.

Асан Жанышовдун коло байгеси Кыргызстандын бул дүйнө чемпионатындагы экинчи медалы болду. Буга чейин ушул эле мелдеште Раззак Бейшекеев алтын утуп, дүйнө чемпиону атанган.

Балбан Раззак Бейшекеев дүйнө чемпиону болду

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️