Арстанбаптагы токой чарбага 15 түрдүү көчөт отургузулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл Арстанбап токой чарбасында 18 гектар аянтка жаш көчөттөр отургузулду. Бул тууралуу Turmush басылмасына Арстанбап-Ата токой чарбасынын жетекчиси Кеңешбек Пиназаров билдирди.

Анын айтымында, көчөттүн 15 түрү тигилди.

«Жыл сайын көчөттөрдү кеңейтүү максатында экме токой эгүү жана мурунку жылдары эгилген экме токойлордун арасын толуктоо үчүн атайын питомникте жаш көчөттөрдү өстүрөбүз. Быйылкы жылы жалпы 1 млн 65 миң даана 15 түрдүү көчөттөрдү тиктик. Буга чейинки жылдары жергиликтүү жашоочулардын кой-малдары эккен көчөттөрүбүздү жеп, тепсеп, мээнетибиз текке кетчү. Быйылкы жылы эл аралык уюмдарга, фонддорго долбоорлорду жазып, жаңы тигилген токой аянттарын коргондоого жетиштик», — деди Пиназаров.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Арстанбап-Ата токой чарбасынын жалпы аянты 19001 гектарды түзөт. Анын ичинен 8358 гектарын токой аянты түзөт.

Арстанбап Жалал-Абад облусундагы эң негизги жайкы туристтик багыттардын бири болуп саналат. Бул аймакка күн сайын Кыргызстандын аймактарынан жана Өзбекстандан жүздөгөн туристтер келет.

Пример HTML-страницы

Арстанбап шаркыратмасынын жанында дээрлик 60 соода объектиси жайгашкан. Соода түндөрүндө сувенирлер, суусундуктар жана башкалар сатылат.

Сезон 2-3 айга созулуп, жергиликтүү тургундар киреше таап калууга шашылат. Алар как, курут жана ар кандай кол эмгектерди сатышат.

50дөй жергиликтүү тургун туристтерге такси кызматын көрсөтөт. Көбүнчө «Нива» жана «УАЗ» унааларын айдашат. Ошондой эле конок үйлөр бар. 2023-жылдын июнь айына карата маалымат боюнча, 52 конок үй бар. Алардын ичинен 18 конок үй жыл бою иштейт. Бул үйлөргө негизинен кышында чет элдик туристтер келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️