Арстанбаптагы ташкындаган сел унааларды агызып кетти. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Арстанбап-Ата айыл аймагынын Арстанбап айылында саат 18:30 чамасында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон келген сел суулары ички жолду каптаган.

Жол каттам ачык. Жерине саат 18:55те Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам топ тартылды.

Арстанбап Жалал-Абад облусундагы эң негизги жайкы туристтик багыттардын бири болуп саналат. Бул аймакка күн сайын Кыргызстандын аймактарынан жана Өзбекстандан жүздөгөн туристтер келет.

Пример HTML-страницы

Арстанбап шаркыратмасынын жанында дээрлик 60 соода объектиси жайгашкан. Соода түндөрүндө сувенирлер, суусундуктар жана башкалар сатылат.

Сезон 2-3 айга созулуп, жергиликтүү тургундар киреше таап калууга шашылат. Алар как, курут жана ар кандай кол эмгектерди сатышат.

50дөй жергиликтүү тургун туристтерге такси кызматын көрсөтөт. Көбүнчө «Нива» жана «УАЗ» унааларын айдашат. Ошондой эле конок үйлөр бар. 2023-жылдын июнь айына карата маалымат боюнча, 52 конок үй бар. Алардын ичинен 18 конок үй жыл бою иштейт. Бул үйлөргө негизинен кышында чет элдик туристтер келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️