Арстанбаптагы алыш күрөшүндө 250дөн ашуун спортчу күч сынашты

Акыркы жанылыктар

TurmushБазар-Коргон районунун Арстанбап айылында Эгемендүүлүк майрамына карата президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн спорттун «Алыш» белбоо күрөшү боюнча эл аралык турнири өтүп жатат.

Мелдеште өлкө жана коңшулаш Өзбекстан Республикасынан келген жалпы 250дөн ашуун спортчу күч сынашууда.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, район-шаарлардын башчылары жана 2 миңден ашуун күрөш сүйүүчүлөрү катышууда.

Облус башчысы балбандар күрөшү болгон «Алыш» кыргыздын улуттук спорт түрлөрүнүн катарын толуктарын, мелдешти өткөрүүнү жыл сайын салтка айлантуу улуттук спортту даңазалоо, жалпы элдин ынтымагын бекемдеп, жаштарды сергек жашоого үндөө болуп саналарын белгиледи. Өкүл ошондой эле, сынакта күчтүүлөр жеңишке жетүүсүн каалады.

«Алыш» белбоо күрөшү боюнча эл аралык турнирдин жалпы байге фонду 300 миң сомду түзөт.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️