АРМАН + КУБАНЫЧ 1-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=65125&preview=true Кызыктуу окуялар.

АРМАН + КУБАНЫЧ 1-бөлүм

Күз айынын ортосунда күн кадимкидей кыскарып, суук тартып калды.

Таңкы 5те ойгонгон Марат сыртка чыкканда али караңгы эле. Аксаңдай басып эшиктеги кранга бети-колун жууп келди. Кичинекей бөлмөсүнүн төрүндөгү кроваттагы жупуну төшөгүн өйдө кылып жыйып, бурчта турган жапкычты жабаарында, жерде жаткан ак баштыкка көзү түштү. Шаша — буша баштыкты ачып, ичиндеги апасынын жоолугу менен атасынын көйнөгүн алып шуу эттире жыттап алды. Андан соң бир башкача үн чыгарып ыйлап жиберди. Кулагы уккан менен сүйлөй албайт. Кечечтенип, жандап, сөздү жарым жартылай айтып эптеп түшүндүрөт. Бирок «апа», ата» дегенди айта алат.

Бир колу да өспөй, бир аягы сенек болуп, сылтып басат. Акылы данектей, оозунан шилекейи куюла берип, көкүрөгү суу болуп кетет.

Улам жеңи менен оозун, шилекейин сүртө берип, эки жеңи да жылтырап кетет. Азыр да оозунан шилекейин куюлтуп ата-энесинин кийимин жыттап, үн чыгара ыйлап алды. Айылдан шаарга келгенине үч-төрт жылдын жүзү болду. Өз алдынча иштеп, кара жанын багып жүрөт. Сыртта короздун кыйкырганын уга дубалдын боорундагы саатты караса 5.30 болуп калыптыр. Колундагы баштыкты жупуну жүгүнүн үстүнө таштап, кирдеген, жука курткасын кийе салып үйүн калиттеп, жумушуна жөнөдү. Жумушу чоң базарда араба түртөт. Базарга дагы жөө жарым саат ашык жол жүрөт. Маршруттар да жийиркенип салышпайт. Аксаңдап жайы-кышы жөө каттайт. Азыр да жөө айылды, апасын, атасын эстеп баратат.

 

Пример HTML-страницы

***

Жай айы, айыл жашоосу.

Таң кылайып тээ алыстан атып баратат. Ар жерден короздун кыйкырганы, иттин үргөнү эле угулбаса айыл дээрлик тынч.

Заңгыраган чоң тамдын короосундагы чарпаяда бирөө бүрүшүп уктап жатат. Үшүп калгандай көрүнөт. Чоң тамдан жашы сексенге жакындап калган байбиче чыкты. Чарпаяда бүрүшүп жаткан баласын көрүп, үйдөн одеял алып үстүн жапты да сүйлөнө кетти.

-Кургурум ай, кудайдын кылганы экен мынтип майып туулуп калдың. Атаң экөөбүздүн көзүбүз өткөндө кантет экенсиң ээ? Ким карайт экен сени? Кургурум ай, ушунча чоң үйдөн сага орун тийбеди балам- деп башынан жыттап алды.

Аңгыча абышкасы да чыгып Мараттын жатканын көрүп башын чайкады.

-Кургурум, ушул жерге жатыппы?

-Ооба абышка.

-Үшүп калбады бекен, я?

-Үшүгөн окшойт, жаап койдум.

Жашы кырктан өтүп калган тубаса майып баласына карыялар үзүлүп түшүп кымтылап жатышат. Тетири карап уктап жаткан Мараттын көзүнөн ата — энесине эреркеген ачуу жашы сарыгып кичинекей жаздыкка сиңип жатты.

Тынчтыкты карыя бузду-

-Мараттын пенсиясы тийдиби?

-Тийгенин деле билбейм абышка. Эмнеге сурадың?

-Өзүнүн акчасына бир сыйра кийим, батинка алып беришсе болот эле. Момуну карасаң- деп жерде тамтыгы чыккан бут кийимин көргөздү-тытылып болбой калыптыр. Өзү майып немени андан сайын кыйнайт бул.

-Келиниң алган окшойт, кечээ базарга барып, балдарына кызыл-жабар кийим кылып келди го.

-Ушу бечаранын акысы кол сунбай эле коюшпайбы эми?

-Айтсаң тоготушпайт абышка.

Маратты биздин көзүбүз өткөндөн кийин карабай кор кылып коюшпайбы я?

-Ким билсин байбиче?

-Кыздарыңа жөнөтсөм жезделери койчу кылса, уулдарыңа жөнөтсөм келиндериң малчы кылса. Жарым жан неме же малга жетпейт, бечарам-деп байбиче бүлкүлдөп ыйлады.

-Кичине тамга тааныганда дагы өзүн-өзү багат эле байкуш.

-Мурдагыдай ал-күчүм деле калбады, кир кийимин жууп бергенге. Тиги келиниң мунун кирин жуубайт, колуна жугуп кала тургансып. Тиги илегенге кечээ чылап койгон кир кийими турат. Айжамалды чакырып кел, агасынын кирин жууп берип кетсин.

Айжамал эң кичүү кызы чал-кемпирдин. Ошол эле айылга турмушка чыккан.

-Макул, чай ичип алып чакырып келейин ээ.

 

***

Айжамал үйгө келгенде Марат кудуңдап сүйүнүп жанынан чыкпай айланчыктап, бир нерселерди айтып эптеп түшүндүрүп, каткырып күлүп калат. Айжамал да түшүнсө, түшүнбөсө да коштоп, ойу менен болот. Чоң чакага суу жылытып, агасын жуунтуп-тазалап, чачын, тырмактарын алып, таптаза кылып кийинтип-

-Воот, Марат мырза, мына күзгүгө караңыз, супсулуу жигит болуп калдыңыз-деп күзгүгө көргөзөт.

Марат өзүн көрүп кол чакылап күлөт. Айжамал кошо күлүп-

-Апаа, уулуңду карасаң, күйөө бала болуп калды, келин алалы ээ, сүйгөн кызы бар бекен аа? -деп көз кыса Маратты карап калат.

Мындай сөздөрдү укканда Марат каткырып башын ийкеп аябай күлөт. Айжамал Мараттан бир топ жаш кичүү, үйдүн кенжеси. Ата-энесине, Маратка карамалап чуркап-келип, кетип турат.

Азыр да Мараттын кийимдерин жууп, өзүн жуундуруп, чачын алып отурат. Кыз бала да кантсе күйүмдүү, оорукчан агасынын келечегине кайгырып сүйлөнүп алды.

-Бир боорум ай, алты саның эле аман болсо эмне? Сен деле элдей тынып калат элең. Акыл-эсиң даана, кичине жерден кудайым кем жараткан экен сени.

Бул Айжамалдын ар дайымкы сөзү. Демейде унчукпай укчу Марат бул жолу башын көтөрө Айжамалды соо кишидей карады. Айжамалдын көзүндөгү жашты колу менен сүртүп-

-Айжам, ылаба-ылаба. ме-мен те-тем- деп тээ алысты көргөзүп койду.

-Каякка?

-Бис-бис-ккеекк

-Бишкеккеби?

Марат ооба деп күлө баш ийкеди

-Ал жакта жоголуп кетесиз? Эмне бар? Ким карайт сизди?

-Ө-ө-өжүм

-Кантип жашайсыз, опей, ким багат?

-Ө-ө-өжүм, и—и-степ… пп

Сөзүнүн аягына чыкпай кыйналып кетти.

-Ой эмнеге иштейсиз?

-Аа-аа-лаба —

-Араба тартасызбы?

Марат «ыыы» деп башын ийкеп койду.

-Кой, акем, атам-апамды ким карайт? Экөө кыжаалат болот сиз жок. Бишкек чоң шаар, жоголуп кетесиз?

-Ыыкыыы- деп баш чайкады Марат.

Кечинде дасторкондо баары чогуу отурганда Марат жөнүндө сүйлөп калды Айжамал-

-Марат акем Бишкекке кетем, араба тартып иштейм дейт.

Мараттан кийинки эки иниси, келиндери «бырс» эте күлүштү.

-Алты саны аман адамдар араң жашап атышат, бул эмнени кыйратып иймек?

-Ошо да? Суукта тоңуп, ысыкта мээси эрип жоголуп кетет бул.

Колундагы келини-

-Барса барсын, көрсүн талааны дагы!

Айжамал чыдабады-

-Болбой калыпсыңар, бул бир тууганыңар..жакшына сүйлөсөңөр. Майыптыгы айып эмес го.

Төрдө отурган ата-эне жерден башын көтөрүшпөдү. Улага жакта отурган Марат ызаланып, «уу-уу» — деп бир нерсени сүйлөп, сыртка чыгып, чарпаяга жатып алды.

Аны абышка-кемпир, Айжамалдан бөлөк жоктогон эч ким болбоду.

 

***

Таң эртеңден чоң жолдо эрбеңдеген бир караан, колуна бир баштык көтөрүп баратат. Тээ алыстан келген машина, жол четине туруп калган Маратты көрүп токтоду, тааныды.

-Ээй, Марат баатыр. Каякка таң атпай?

-Бис-би-бискекк

-Бишкеккеби? Эмнеге барасың, эжеңдин үйүнөбү?

-Ыыы-деп баш ийкеди.

-Кеттик анда, отур.

Узак жолдо Марат абдан уктап уйкусу канып, бийик-бийик тоорлорду көрүп кубанып, туннелдерден өткөндө кол чапкылап, сүйүнгөнүн жашыра албай турду. Айдоочу айылдаш агалары болгондуктан, жолдон курсагын тойгозуп оюндагыдай болду. Бир жолу шаарды көргөзүп, кайра алып келе берем деп ойлоду. Ошентип шаарга келип стоянкага токтоп калышты. Мына ошол жерден Маратты жоготуп жиберди. Ал шофёр алаңдап издеп кала берди. Ал эми

Марат болсо Бишкекке келгенине ишенбей, машинанын көптүгүнө суктанып, улам бир кооз машиналарды карап отуруп кайра жанагы машинасын таппай калды. Анан эле базардын ичине кирип кетип, чыгалбай тегеренип жүрө берди. Дагы жакшы ак баштыгы колунда эле. Түндө үйдөн чыкканда Айдамал жууган кийимдерин, ага кошуп апасынын жоолугун, атасынын көйнөгүн салып алган эле. Чарчап алы кетип калганда бир бош контейнердин жанында отуруп, ак баштыгын кучактаган боюнча уктап кетти. Бирөө түрткүлөгөндө ойгонуп кетти.

-Ай балам, тур кет үйүңө.

Марат чочуп тура калды.

Эки жагын караса баягы топураган эл жок, базар жабылып, короо шыпырган аял ойготуп аткан экен.

-Үйүң каякта? Каяктан келдиң?

Марат -«ууу», «ууу»-деп тээ алысты, тоолорду көргөзүп койду.

Аял Мараттын майыптыгын түшүнүп, баласына чалды.

-Балам, кел бул жакка. Бир киши адашып калган окшойт. Оорукчан экен.

Аңгыча он беш жаш чамасындагы баласы келди.

Каяктан келдиң десе айталбаган Маратка суроо токтоду. Алар базарды шыпырып жыйнап бүтүп, Маратты өзү менен бирге батирине ала кетишти. Өздөрү деле батирде турушат. Кожоюну жакшы киши, көчөдө калган кишини кабыл алаарына ишенишет эле. Кожоюндун короосунда квартиранттар арбын. Эң четки кичинекей бөлмө бош эле. Ага бош каропкаларды киргизип коюшкан эле. Ошону кечээ эле бошотушуп койгон эле. Ошого бир матрас менен Маратты киргизип коюшту. Чарчап калган Марат күн шашке болгуча уктады. Курсагы да курулдап ачып калыптыр. Картон төшөлгөн чакан складда, бир матрас ага мамыктай сезилди. Коркпой, үркпөй, тартынбай керилип, чоюлуп турду да акырын сыртка чыкты. Короо толгон эшик, батирге таңыркап карап турганда, кечээки аял —

-Оо балам, турдуңбу?

Марат шаша башын ийкеп, жеңи менен оозунан куюлуп кеткен шилекейин сүртүп койду. Эки жеңи шилекейин сүртө берип «жалтырап, так» болуп калган. Кантсе да эне да тиги аял.

-Бетиңи жуу, тиги чөөгүнгө. Анан бул жакка кир, чай ич ээ-деди.

Марат аксаңдай басып бети колун чампалап жууп, тартынып туруп калды.

-Ой, кир, кир үйгө -ичкериден жанагы үн чыкты.

Кичине бир бөлмө, жупуну палас, төшөк салынып турат.

Жерге салынган дасмалда эки нан, каймак, анан дымдалган кесме.

-Кел отур, курсагыңды тойгоз. Каяктан келдиң, каякка барасың? Анан үйүңө жөнөтөлү?

Марат башын чайкай «ики» -деди..

-Үйүңө барбайсыңбы?

-Ыыы-деп баш чайкады.

-Кантип жан сактайсың шаарда?

-Аа-аалаба.. алаба-деп араба түртөм деп түшүндүрүп атты.

-Ии байкушум, алдуу күчтүү балдар араң араба түртөт, сенин алың жете бекен..?

-Ж-ж-жет-ттет.

-Кап-балам ая, сага эле ким бере коёт экен арабасын.? Эми эмне кылдым..? Сени кантем эми.. деп аял өзүнчө сүйлөнүп алды. Деги атың ким балам.?

-Ма-ммма-лат..

-Мармадат…?

Марат баш чайкап күлө-Мма-лат..

-Марат?

Марат кубана кол чаап баш ийкеди. Тиги апа да кубана, аа Марат таанышып алдык ээ, уулум. Мен Айша апа дешет. Күндүзү базардан каропка чогултам, кечинде базарды шыпырам. Жалгыз уулум бар, он бешке чыкты.. окуудан келип ошол жардам берет.

Марат түшүндүм дегендей баш ийкеди.

-Эми сен араба түртөм дейсиң, базарды билбей адашасың, анан араба да жок. Эмне кылсак экен?

Марат ийнин куушуруп койду.

Алгач кожоюнга айтайын, сенин жаткан жериңди даярдап, жыйнап, анан сага ылайык иш карайлы ээ Марат.

Марат башын ийкеп макул болду.

Айша апа Марат жаткан кичине складды кожоюндан сурады.

-Оорукчан экен, көчөгө таштаган болбойт го, Сооп деле болот, ошол жерде жатып турсун, жакындары табылып алып кеткиче, тамак ашын ар кимибиз берип турабыз. Короодо ондон ашык квартирант барбыз го-деди.

Мына ошентип Мараттын экинчи жашоосу Айша апанын короосунда башталды.

 

{Уландысы бар}

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️