Архивдик сүрөт — Белоруссиядан келген жогорку даражалуу делегация Орловка шаарында

Акыркы жанылыктар

TurmushTurmush басылмасы Кыргызстандын шаарларына жана калктуу конуштарына байланыштуу тарыхый фактылар тууралуу сөз кылууну улантат.

СССР жылдарында Белоруссия Компартиясынын Борбордук комитетинин экинчи секретары Александр Никифорович Аксенов Орловка шаарында болгон.

Ошол сапардын сүрөтү шаардык архивде сакталып турат. Анда Кыргыз ССРинин 50 жылдыгын майрамдоого келген Белорус ССРинин делегациясы Орловка шаарында болгон. Белоруссия Компартиясынын Борбордук комитетинин экинчи секретары Александр Аксенов башчылык кылган Белоруссиянын делегациясын Кыргыз тоо-кен металлургиялык комбинатынын директору Григорий Петрович Кудряшов тосуп алган.

Григорий Кудряшов 19 жыл бою Кыргыз тоо-кен металлургиялык комбинатын жетектеген. Анын ысымы өндүрүштөгү чоң өзгөрүүлөр менен байланыштуу. Кудряшов Кыргыз ССРинин депутаты болуп, Орловка шаарын жакшыртууга зор көңүл бурган.

Кудряшов 1980-жылы 2-февралда каза болгон. Анын ысымы Орловка шаарындагы көчөлөрдүн бирине жана мектепке ыйгарылган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️