Пример HTML-страницы

Аравандагы дыйкандар Россия менен Казакстанга 600 тонна картошка экспорттоду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусуна караштуу Араван районунда эрте бышкан 600 тонна картошка чет өлкөлөргө экспорттолду. Бул тууралуу Тurmush басылмасына Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Абдирайым Бокоев билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта Араванда өндүрүлгөн картошка Россия менен Казакстанга дүң баада сатылып жатат.

«Башталгыч баасы 27, 48, 50 сомго чейин болду. 25-26-май күндөрү Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнөн 600 тоннага жакын картошка Казакстан жана Россияга экспортко чыкты. 1-сортун дүң баада 33 сомдон алып чыгып кетишти. Учурда картошканын түшүмү 20 пайызга чейин жыйналып калды. Акыркы 2-3 күн жааган жамгырдан улам жыйноо иштери токтоду эле, күн ачылса дагы уланат. Дыйкандар 10-июнга чейин баарын жыйнап бүтүшөт. Мурдагы Мангыт айыл аймагындагы дыйкандар түшүмдү июнь айы ичи казып жыйнашат», — деди Абдирайым Бокоев.

Turmush 2024-жылдын февраль айында быйыл Араван районунда картошка айдоо иштери 10 күнгө эрте башталганын жазган. 2024-жылы план боюнча Араван районунда жалпы 1 миң 710 гектер жерге картошка айдалат. Бул көрсөткүч өткөн 2023-жылга салыштырмалуу 21 гектарга көп.

Агата, альвара, ревьера, ошондой эле актриса сортундагы картошка айдалды.

Агата — Голландия селекциясындагы сорт. Орто эсеп менен 80-85 күндө бышат. Бир түп 10-15 чоң картошка байлап, анын ар бири 70-140 грамм болот.

Альвара — Германия селекциясындагы сорт. Орто эсеп менен 80-90 күндө бышат. Бир түп 8-14 картошка байлап, ар бири 90-104 грамм болот.

Ривьера — Голландия селекциясындагы сорт. Түшүмдү картошка айдалгандан кийин 55-60 күндөн кийин чогултууга мүмкүн. Бир даанасы орточо 100-180 грамм болот.

Актриса — Голландия селекциясындагы эрте бышкан сорт. Ал 45-80 күндө бышат. Бул сорт түшүмдү жакшы берип, бир даанасынын салмагы 90-150 грамм болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE