Араванда жеке менчикке өтүп кеткен 117 миллион сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushАраван районунда 11 гектардан ашык жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Араван райондук сотунун 2007-жылдагы чечими менен Юсупов айыл аймагынын Мончок-Тепе участогунда жайгашкан 11,43 гектар жер тилке Р.Н.нын жеке менчиги деп мыйзамсыз табылып, андан соң 2013-жылы бул жер тилке тартуулоо келишиминин негизинде Н.Н. менчигине өткөрүлгөнү аныкталган. Райондук прокуратура тарабынан келтирилген апелляциялык сунушту кароонун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылды.

Мындан сырткары, Араван районунун прокуратурасы тарабынан райондук сотко жогоруда белгиленген тартулоо келишимин жокко чыгаруу жөнүндө доо арыз келтирилип, күчүнө кирген соттук акты менен арыз канааттандырылган.

Райондук прокуратура тарабынан жайыт категориясындагы, баасы 117 млн 360 миң сомду түзгөн 11,43 гектар жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️