Араванда милициянын көчмө кабылдамасы айылдарды кыдырып жатат

TurmushОш облусунун Араван районунун аймагында милициянын көчмө кабылдамасы жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде Төбө-Коргон, Жаңы-Абад жана Уйгур-Абад айылдарында Араван РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери менен биргеликте укук бузуулардын алдын алуу жана президенттин «Үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жѳнүндѳгү» жарлыгынын талаптарын ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү жүргүздү.

«Айыл тургундарына милиция кызматкерлери тарабынан оозеки юридикалык жардам берилип, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында көчмө кабылдама менен түшүндүрүү иштери башка айылдарда да уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️