Пример HTML-страницы

Араванда 400дөй бала майрамдык иш-чарага чакырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-июнда Ош облусунун Араван районунда турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык иш-чара уюштурулду.

Акимдин орун басары Бактыбек Осмоновдун айтымында, иш-чара райондук маданият үйүндө өттү. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энесинен эрте ажыраган балдар, мектептеги алдыңкы окуучулар чакырылды.

Район боюнча 400гө жакын балага белектер берилип, оюн-зооктор уюштурулду. Балдар арасында шахмат, кыздар арасында шашки, асфальтка сүрөт тартуу сынактары өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белек тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE