Араванда өзүнөн улуу аялдын үйүнө кирип барып, зордуктоого аракет кылган адам кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushАраван районунда аял зордуктоого аракет кылууга шектелген адам камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 27-сентябрь күнү Араван РИИБге Дөбө-Коргон айыл аймагынын 1992-жылы туулган И.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн үйүндө балдарына тамак жасап жатканда ушул эле айылдын тургуну кирип келип, эшиктерди жаап, зордуктаганга аракет кылганын билдирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренесинин (зордуктоого аракеттенүү) негизинде кылмыш иш козголгон. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Араван районунун 1996-жылы туулган А.О. аттуу тургуну кармалып, камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️