Арашан койлордун санын 30 эсе көбөйткөн кеминдик фермер

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылынын тургуну Курманбек Чокоев ар бирин 80 миң сомдон алган 4 койду 10 жылдын ичинде 150 башка жеткирди. Фермер менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Анын айтымында, 10 жылдан бери Арашан тукумундагы кой-кочкорлорду багып келет.

«10 жыл мурун ар бирин 80 миң сомдон 4 Арашан токту сатып алгам. Анан бир кочкор алдым. Ошол бешөөнү көздүн карегиндей сактап багып, улам тажрыйба топтоп жатып, бүгүнкү күндө 150 башка жеткирдим. Ар кандай көргөзмөлөргө, сынактарга алып барып катышып турам. Айрым кочкорлорум байгелүү орундарды алып келет. Жакында, октябрь айында койлорду кочкорго кошобуз», — деди ал.

  • Арашан койлордун ар бири 80 миң сомго бааланса, 150 баш кой 12 млн сом болот.

Фермер эмне себептен 2 жыл сайын Арашан койлордун кочкорун алмаштырып туруу керектигин айтып берди.

Пример HTML-страницы

«Эки жылда бир кочкорун алмаштырып турабыз. Антпесе койлор бир тууганына кошулуп, козулары майдаланып, буту-башы кыйшак өсүп, бузула баштайт. Бул деле жылкы сыяктуу. Жылкыларды дагы 2 жылда бир башка айгырга кошуп турушат эмеспи. Кудайымдын жаратканын кара, мына ушундай табигый сыры бар.

Ооба, жөнөкөй кого караганда бир аз жем-чөптү көп жейт. Анысы бар. Бирок бул жөнөкөй койдон он эселеп кымбат сатылып, жем-чөптү жөн эле актап коет. Мен мисалы беде, сулуу, арпа, буудай аралаштырып майдалап берем. Бала кезден эле мал-жандык менен өсүп келе жатабыз. Союз кезинде меринос койду багып, чабан болгом. Кой багууда тажрыйбам бар десем болот», — деди ал.

Каарманбызы 1954-жылы Кемин районунда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 3 уул, 4 кыздын атасы.

«Небере-чөбөрөлөрүм бар. Эми кыбыра күтүп жатабыз», — деди ал.

2021-жылдын апрель айында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги эт жана май багытындагы Арашан аттуу жаңы кой породасын каттаган.

Маалым болгондой, бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.

Арашан породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

Республика боюнча Арашан породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️