Араб шейхине ээр токумду 10 ай жасап, 470 миң сомго саткан А.Мааразыков менен маек

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Алмаз Мараазыков 40 жылдан бери булгаары, таш, жыгач, сөөк, баалуу металдардан ар кандай буюмдарды жасап келет. Устанын эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.

Алмаз Мааразыков 1966-жылы Жети-Өгүз районун Дархан айылынында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Советтик армиянын катарына чакырылып, Германияда аскердик кызмат өтөгөн. Жаш жоокердин таланты ошол кезде эле бааланып, патриоттук сезим тартуулай турган дубал сүрөттөрүн аскер бөлүктөрүндө тарта баштаган. Анын аркасында бир канча мамлекетти кыдырган.

«Аскерде жүргөндө Европанын көптөгөн шаарларын кыдырдым. Анда аскер бөлүктөрүндө дубалдарга жоокерлердин сүрөттөрүн түшүрүп, патриоттук сүрөттөрдү (мурал) тартчубуз. Мындан улам Украина, Белоруссия, Польша, Чехословакия, Германиянын аскердик бөлүктөрүн кыдырдык«», — дейт ал.

2 жыл 8 айлык аскердик кызматы аяктаганда мекенине келип, Каракол шаарындагы педагогикалык институтунан сүрөт жаатында билим алган. 1992-жылы окуу жайды аяктагандан кийин ошол эле окуу жайда мугалим болуп калган.

«Мугалим болуп 19 жыл эмгектенип, бир канча талант ээлерин тарбияладык. Андан кийин өзүм жеке ишимди баштоо үчүн чакан устакана ачтым», — дейт ал.

Пример HTML-страницы

Мааразыковдун эмгектеринин ичинен эң баалуусу бул ат жабдыктары. Аларды булгаарыдан жасап, темир, алтын жана күмүш менен кооздойт.

«Бишкек шаарындагы “ЦУМ” соода борборунда менин күмүштөн жасалган эр токумум турчу. Аны көрүп, атайын мени бул жакка чейин издеп келип, буйрутма бергени кишилер келди. Алар «арабдын шейхине ээр токум жасап бер» дешти. Ээр токумду кооздоп, 10 ай аралыгында (2019-жылы) жасап, 470 миң сомго бергем», — деди ал.

Бул устанын эң кымбат бааланган ээр токуму болгон. Экинчи күмүш ээри Россия жергесине кеткен.

«Биздин Жогорку Кеңештин депутаттары Москва шаарындагы ипподромго белек кылууга ээр токум буйрутма беришкен. Анын кооздолмолору күмүштөн жасалып, 4 миң долларга бааланган», — деди ал.

Каарманыбыз ээр токумдан сырткары жааларды жасайт. Анын эң кымбат жаасы да Россия жергесинде кыргыз боз үйүн кооздого, 1000 долларга сатылган.

«Бир ээр токум 1 айдан 1 жылга чейин жасалат. Анын булгаары, кайыштарын мурда өзүм даярдасам, азыр терини сатып келип жасайм. Ал эми алтын, күмүшүн мурдагы сөйкө, шакектерин сатып келип, ээритип (лом) жасайм. Учурда Казакстан менен да иштешип, андангы элдин боз үйүн кооздого буйрутмаларды алам. Анда Астана, Алмата шаарларында боз үйдүн ички жасалгаларын, сандык, ээр токумдарды жасап келем», — дейт ал.

Учурда облустук, шаардык масштабда өткөн көргөзмөлөрдө Алмаз мырзанын Манас баатырды түшүргөн жыгач скульптурасы көпчүлүктүн кызыгуусун артырууда. Анын жаралуу тарыхына да токтолуп өттү.

«Бул скульптура Каракол шаарынын 155 жылдык мааракесинде көпчүлүктү кызыктырып жатты. Анын жаралуу тарыхы көл жергесине асман шаарын курабыз дегени менен байланыштуу. Бул кабарды уккканда мен да ал шаардын бир көчөсүнүн жээгине Манас баатырдын элесин чагылдырган эмгегим турса деп жасадым. Анда Манас баатыр, анын кабыланы, ак шумкары камтылган», — деди уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️