Ар бир койду өңүнөн таанып, элди таң калдырган согуш ардагери Бийсеев

TurmushУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбек Бийсеев Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында 1916-жылы туулган. 1939-жылы армияга кызмат өтөөгө аттанган. Армияда «Красноармеец Бийсеев» атыгып, дасыккан жоокер болгон. Эки жыл кызмат өтөп, мына эми келет деп жатканда 1941-жылы согуш башталып калат. Жогорку даярдыктагы дивизия катары кызмат өтөгөн бөлүктү СССРдин түштүк рубежин, Кавказды сакташ үчүн Иранга чектеш тарабына жиберилет. Анда фашисттер Украина, Белоруссияны басып келе жаткан. Кийин Москвадан сокку жеп, чегингенден баштап анын дивизиясы негизги фронтко кошулат. Ошентип согушту башынан өткөрүп, ок жааган талаада эрдик кылып, көптөгөн медаль, төш белгилерин алган.

1945-жылы февралда жаагынан ок жеп, жарадар бойдон Берлинден Улуу Жеңишти тоскон. Андан соң Монголияга барып, бошотуу иштерине катышып, 1946-жылы мекенине кайтып келген.

Мекенине жеңиш менен келген Касымбек Бийсеев үй-бүлө күтүп, 1947-жылы тун уулу Орозбек Касымбеков (Окен) төрөлгөн.

«Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, райондун борборундагы эт комбинатына караштуу колхоздо 1946-жылдан баштап ардактуу эс алууга чыкканга чейин иштеп, учурунда 9 башкарма менен иштешкен.

«Ошол кезде көпчүлүк элди накталай салыктан куткарып, элдик адам боло алганы да ошондон. Ал кезде эл салыкты жүн, эт аркылуу төлөшчү экен. Көпчүлүктү салыктан ыгын таап, малды жакшы бордоп куткарчу дешет. Өз жумушуна абдан так болуп, эт комбинатка малды чогултуп алып,​ ушул эле жерден тоодон ашырып отуруп, азыркы Чүйдөгү Таш-Дөбө (Воронцовка), Чоң Арык, Орто-Сай айылдарына жайып, Фучиктеги эт комбинатына алып кирчү экен

Ар бир койду өңүнөн таанып, миңдеген кой айдап баратканда ортодо жоголуп кеткен мал боюнча кароолчу же ортодон кымырып алгандарды уяткарып, таң калдырчу дешет. Бирок,​ өз жеринде колу ачык, берешен киши болгону айтылат. Акылы тунук, өзү зирек, сөзгө чечен, айкөл адам эле деп эмдигиче эскеришет», — деди уулу.

Пример HTML-страницы

Өмүрлүк жубайы Уулкан экөө 6 эркек, 3 кызды тарбиялап өстүрүшкөн.

Бийсеев 2013-жылы 97 жашында жарык дүйнө менен коштошкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️