Пример HTML-страницы

Апасы жана өзү окуя тууралуу үн катты. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында атайын багыттагы кызматкерлердин катышуусунда ата-бала кармалган. Бүгүн, 18-апрелде АКИpress-Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында алардын үй-бүлөсү окуянын чоо-жайын айтып берди.

Кармалган жаран Сыраждин Нишанкуловдун жубайы Марипахан Нишанкулова жолдошу базарда соода кылган 7 адамдын катарында жеке күзөтчү менен пикир келишпестикке барганы үчүн Жалал-Абад шаардык соту 2 айга камакка алганына нааразы. Анын айтымында, ушул жылдын 27-мартында жолдошу Сыраждин Нишанкуловду базарда соода кылып жаткан жеринен милиция кызматкерлери (спецназ) уулу экөөнү ур-токмокка алып, кармап кетишкен.

«Кочкор-Ата шаарында «Эдем+К» ЖЧКсынын алдында ачылган кийим-кечек базарынын жарымы менин кайын агам Абдилмурат Нишанкуловго караштуу. Буга чейин белгилүү болгондой, сөз болуп жаткан базарды эки кайын агам талашып, көп жылдардан бери соттошуп келет. Бул базарда биз да көп жылдан бери соода кылып келебиз.

Өткөн айда базарда жеке менчик күзөт кызматы менен менин жолдошум жана кайын агам үй-бүлөсү менен пикир келишпестикке барышкан. Ошондо күзөтчүлөр милицияга арыз жазып, бейбаштык беренеси менен менен кылмыш иши козголгон экен. Күч түзүмдөрүнүн айтымында, ошол кезде жолдошум менен бирге 7 кишиге тергөөгө чакыруу келиптир. Бирок булар барбай койгондуктан ушул ыкма менен чоң кылмышкерди кармагандай алып кетишти. Чындыгында тергөөчүдөн ушул кезге чейин бир да жолу тергөөгө чакыруу келген эмес. Ошол себептүү ал киши бейкапар соода кылып турган.

27-март күнү милиция кызматкерлери уулум менен жолдошумду ур-тепкиге алып, кармап кетишкен. Жалал-Абад шаардык соту жолдошумду 2 айга камакта калтырды. 7 балабыз бар, жолдошум бир үйдүн жалгыз камкорчусу, базарда товар алуу үчүн банктан насыя алганбыз. Азыркы тапта эптеп тааныштардан карыз алып, насыяны өз убагында төлөп жатам. Бирок ошол кезде жолдошум менен бирге жашы жете элек уулумду да аябай тепкилешкен. Ал тургай аны да атасы менен бирге колу-бутун кайрып, унаага салып алып кетишкен. Качан гана улуу абысыным ал баланын жашы жете элек экенин айтып, бул мыйзамсыз экенин билгенде гана коё беришкен. Бети-башы көгөргөн, баш мээси чайкалган уулумду Кочкор-Ата жалпы дарыгерлик практикалык борборуна алып барсак, бир күн гана жаткырып, эртеси чыгарып жиберди. Дарыгерлер анын себебин түшүндүргөн жок. Айлам кетип, уулумду жеке менчик бейтапканада дарылаттым», — деген Марипахан Нишанкулова президент Садыр Жапроваго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ишти көзөмөлгө алууну суранды.

Ал эми анын уулу — 17 жаштагы Умар Набижанов окуя тууралуу буларга токтолду.

«Ошол күнү мен экинчи контейнерде соода кылып жаткам. Сыртта топ адамдардын дабышы угулуп калды. Эмне болду деп сыртка чыксам, топ кийимчен кишилер атамды жерге жаткырып, уруп-тепкилеп жаткан экен. Атама боорум ооруп, чуркап барып, кантип тиги кишилерди тепкенимди билбейм. Көрсө, алар спецназда иштеген кызматкерлер экен. Мен аларды жеке менчик күзөт кызматынан го деп ойлогом. Ошондо эле кызматкерлер менин колумду кайрып, бети-башыма тепкилеп баштады. Ал эми унаага отурганда атам экөөбүздүн колубузду артка байлап, бири-бирибизге каратып, милицияга алып кетишти. Ал жакта да караңгы бөлмөгө алып кирип, кызматкерлер «Сен кимсиң мени тепкендей?» деп улам уруп, тээп жатышты. Ал арада жеңем келип калып, менин жашым жете электигин айтып, ал жерден алып чыгып кетти. Ошол күндөн бери дарыланып жүрөм», — деди ал.

Жабыр таркандардын жакындарынын бири Айгүл Нуркамилова бул окуядан кийин Жогорку сот, облустук прокуратурага кайрылган менен майнап чыкпай келгенин айтты.

«27-март күнү Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси А.К. жана анын тергөөчүсү А.Ж.нын буйругу менен спецназдар атайын тапшырма деп келишип, кайним Сыраждин Нышанкулов жана анын жашы жете элек уулуна күч колдонуп, ден соолугуна зыян келтирип алып кетишти. Биз милицияга барган кезде өзүм аты аталган жакын туурагандарыбызды уруп жатканын көрүп, мыйзамсыз иш-аракеттерин айттык. Эмне себептен мындай кармоо болгонун сурасак, тергөөгө барбаганын айтып жатышат. Эгер кармоо болсо, бир эле Сыраждинди эмес, бизди да, жалпы 7 кишини кармап кетиши керек болчу. Эгерде биз мыйзамсыз иш кылсак, камашы керек болчу, бул жерде мыйзамды күч түзүмдөрү өздөрү бузуп жатат.

Баарына белгилүү болгондой, менин жолдошум Абдилмурат Нишанкулов өзүнүн бир тууган иниси Д.Н. менен 20 жылдан бери базар талашып соттошуп келет. Тилекке каршы бул талашууга күч органдарында мурда жана азыркы кезде иштеген бир канча кишилер да аралашып, өз таасирин тийгизип келет. Мындан улам биз азыркы болуп жаткан иштер боюнча Жогорку сотко, облустук прокуратурага жана Аскер прокуратурасына арыз менен кайрылдык, бирок жооп жок. Мындан улам бизде Жалал-Абад облусундагы бардык укук коргоо органдарына — сот, прокуратура жана тергөө кызматына болгон ишенимибиз калган жок. Ошол учурда ИИМдин министри бул окуядан соң бир канча жооптуу кызматкерлерди иштен алып, ондогон кызматкерге сөгүш бериптир. Алардын арасында бул ишке байланышы жок кишилер да бар экен. Мындан улам бул ишти калыс карап, көзөмөлгө алып берсе жакшы болмок.

Видеодо көрүнүп тургандай, кайнимдин жашы жете элек баласын атайын даярдыктагы кызматкерлер эки колун кайрып, башына тээп жатканын көрүүгө болот. Ошол күнү биз баланы ооруканага алып барсак, Кочкор-Ата жалпы дарыгерлик практикалык борборунун дарыгерлери баш мээси чайкалып, бети-башында көгөргөн тактар бар экенин айтып, алып калган. Бирок эртеси ооруканадан чыгаруу кагазын колубузга карматып, балабызды ооруканадан чыгарып койду. Бул да болсо ошол күч түзүмдөрүнүн таасири», — деди Нуркамилова.

Сөз болуп жаткан «Эдем+К» ЖЧКсынын алдында түзүлгөн кийим-кече базарынын жарымына ээлик кылган Абдилмурат Нишанкуловдун кызы Нурзада Абдилмуратова окуядан кийин күч түзүмдөрү тарабынан анын жеке жашоосу, жумушун иликтеген учурлар болгонун айтат.

«Өзүм кесибим боюнча мугалимин, Кочкор-Ата шаарындагы мектептердин биринде англис тили предметинен сабак берем. Негизи сабактан соң базарга барып, ата-энеме каралашып, соода менен алектенем. Акыркы базарга байланыштуу уруш-талаштардан кийин айрым күч түзүмдөрү тарабынан мен иштеген мектептин жетекчилигине келип, үй-бүлөм, жеке өзүм тууралуу маалымат чогулткан учурлар көп болду. Буга чейин ошол текшергендердин бири мен тууралуу Билим берүү министрлигине кат жазыптыр. «Бул кызматкер мектепте билим береби же базарда соода кылабы?» деп кызмат оорудама чейин асылып, жазган учурлар болуптур. Мындан улам бул иштер батыраак аягына чыгып, акыйкат, калыс тергелсе жакшы болот», — деди ал.

——————————————————

Буга чейин Turmush Жалал-Абад ОИИБге шилтеме берүү менен Ноокен районунун 40 жаштагы тургуну бейбаштыкка шектелип кармалганын жазган.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБге О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 4-мартында саат 09:30 чамасында Кочкор-Ата шаарында жеке күзөт кызматынын кызматкерине 6 жаран таш, кирпич, таяктарды курал катары колдонуп, зомбулук көрсөткөндүгүн, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факт боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү — Ноокен районунун 1984-жылы туулган тургуну Н.С. бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок келбей жүргөн. Ал 2024-жылдын 27-март күнү саат 17:00 чамасында Кочкор-Ата шаарында милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кармоо учурунда кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиктен күч колдонулган. Ошол учурда шектүүнүн 2006-жылы туулган баласы окуяга аралашып, кызматкерлерди тээп жиберген.

Шектүү Н.С. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кеп кийим-кече базары, эки бир туугандын жер талашы тууралуу болуп жатат. Алардын бири базардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жеке күзөт агенттигин жалдаган. Жеке күзөт кызматкерлери соодагерлерден базар ээси келгенге чейин коммерциялык жайларды ачпоону суранышкан. Бирок соодагерлер нааразы болуп, каршылык көрсөтүшкөн. Андан соң коопсуздук кызматынын кызматкерлери милицияга арыз менен кайрылышкан.

Бул окуядан кийин Жалал-Абад ОИИБде кадрдык өзгөрүү болгон.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев кызматынан бошотулган. Буйрукта Абитов укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптарын бузгандыгы, кол алдындагы кызматкерлеринин арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү, бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракеттерди жүргүзбөгөндүгү, милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтиргендиги үчүн кызматтан алынганы айтылат.

Ж.Абитовдун ордуна буга чейин Ош ШИИБди жетектеп келген Марлис Асанов дайындалды.

Ал эми Ж.Абитов Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгын жетектеди.

——————————————————

Буга чейин мүлк талашы боюнча Turmush басылмасына чыккан материалда 20 жылдан бери кийим-кече базары курулган 40 сотых жер тилкеси боюнча сот иштери жүрүп жатканы айтылган.

Жер тилкеси Кочкор-Ата шаарында жайгашкан. 2024-жылдын 7-февралында АКИpress-Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйынында тараптардын бири кайрылуу жасаган.

«Эдем+К» ЖЧКсынын алдында ачылган кийим-кече базарынын ээлеринин бири —Абдимурат Нишанкулов ушул тапта бир тууган агасы Д.Н. менен соттошуп жатканын, анын кесепети соодагерлерге да тийип жатканын айткан.

Абдимурат Нишанкуловдун айтымында, «Эдем+К» ЖЧКсы 1998-жылы түзүлүп, 3 киши анын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн. Ошол учурда 40 сотых жерге базар салып, соода түйүндөрүн уюштуруп, ишкерлерге шарт түзүлгөн. Ал боюнча Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын уруксат кагаздары бар.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Эдем+К» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Нишанкулов Дилмуратжан Момунжанович, түзүүчүлөрү — Жаманкулова Гүлбайра Жумабековна жана Нишанкулов Дилмуратжан Момунжанович. Компания 2013-жылдын 30-июлунда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: базарларда жана палаткаларда чекене соода кылуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE