Анын сөөгүн таап чыгышты (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 15-июль күнү Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан сөөгү табылган аялдын ысымы аныкталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын сөөгү бүгүн саат 11:30да Өзбекстандын чек арасына 500 метрдей жакын жерден табылды. Ал буга чейин изделип жаткан 1980-жылы туулган Н.Д. аттуу аял (селге аккан кыздардын апасы) экени аныкталды. Куткаруучулар аны дарыядан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын «Бөрүбай-Ата» эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел агызып кеткен.

Пример HTML-страницы
  • Алдын ала маалымат боюнча, алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү — 1980-жылы туулган Д.Н. (аял киши), кыздары — 2005-жылы туулган М., 2014-жылы туулган М., 2018-жылы туулган С. экени айтылган.

  • Кечээ саат 22:40та 2018-жылы туулган Н.С. аттуу кыздын сөөгү Өзбекстандын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан табылган.

ӨКМ бүгүн, 15-июлда Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан 1 аялдын сөөгү табылганын кабарлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️