Анын 25 жаштагы бир тууган иниси кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылындагы 30 жаштагы тургундун өлүмүнө шектелип бир тууган иниси кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына бүгүн, 25-июнда Талас ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 22-июнда милицияга маркумдун 1999-жылы туулган иниси М.Ж. арыз менен кайрылган. Ал 1994-жылы туулган бир тууган агасы М.К. 21-июнь күнү саат 19:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Аталган арыз Бакай-Ата РИИБде каттоого алынып, издөө иштери башталган.

Анын сөөгү кечээ, 24-июнда саат 18:30 чамасында өзү жашаган үйдүн сарайынын жер төлөсүнөн табылды. Ал киши колдуу болуп көз жумган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмү боюнча (адам өлтүрүү) кылмыш иш козголгон. Ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары маркумдун милиция арыз жазган бир тууган иниси М.Ж. кармалып, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылында изделип жаткан 30 жаштагы М. уулу К.нын сөөгү кечээ, 24-июнда өзүнүн үйүндөгү жер төлөдөн табылганы белгилүү болгон.

Пример HTML-страницы

Айылдаштарынын айтымында, ал дайынсыз жоголуп кетти деп 22-июндан бери изделип жаткан. Туугандары белгисиз тарапка кетип, келбей калды деп, айыл тургундары издөөгө жардам беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️