Антальядагы кыргыздар кой союп, сүмөлөк бышырышты

TurmushТүркиянын Анталья шаарындагы кыргыздар 21-март — Нооруз майрамын белгилеп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Анталия шаарындагы «Ала Тоо айымдары» этно-фольклордук тобунун мүчөсү Таалайкүл Табышова билдирди.

Анын айтымында, кой союлуп, түнү менен сүмөлөк бышырышты. Ошондой эле Анталия шаарындагы борбордук аянттагы Ата Түрктүн эстелигинин жанында Нооруз майрамына карата иш-чаралар өткөрүлүүдө.

«Бул жерде улуттар арасында Нооруз майрамына карата иш-чаралар уюштурулуп, ар бир улутка бир жарым саат убакыт берилди. Бул убакытта биз өзүбүздүн каада-салт, улуттук маданиятыбызды көрсөтүп беребиз», — деди Таалайкүл Табышова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️