Turmush — Орозказиева Анара Жээнбековна Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 4-ноябрында кол койду. Ал эми 5-ноябрь күнү жаңы орун басарды райондук администрациянын аппарат кызматкерлерине аким Алтынбек Сеңирбаев тааныштырды.
Буга чейин аталган кызматта Алтынай Таштанбаева иштеп жаткан. Ал 2024-жылдын октябрь айында өз каалоосу менен кызматынан кеткен.
Анара Орозказиева 1980-жылы 27-мартта Нарын облусунун Нарын шаарында туулган.
Билими:
— 1997-2002-жылдары Нарын мамлекеттик университетинде инженер-программист адистиги боюнча билим алган;
— 2005-2008-жылдары КР өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган.
Эмгек жолу:
— 1997-жылдын 29-июнунан 1997-жылдын 27-декабрына чейин Нарын облустук өндүрүштүк эксплуатациялык уюмунда катчы машинистка;
— 2002-2003-жылдары №2 Чкалов мектебинде информатика мугалими;
— 2003-2004-жылдары Нарын облустук телерадиокомпаниясында катчы-машинистка;
— 2004-2007-жылдары «Жакшы жашоо» коомдук уюмунда долбоордун координатору;
— 2007-2009-жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрациясында башкы адис-инспектор;
— 2009-2010-жылдары кадрлар секторунун инспектору;
— 2010-2011-жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана ЖӨБ бөлүмүндө башкы адис-инспектор;
— 2013-2020-жылга чейин президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратында башкы инспектор-адис;
— 2020-жылдын 30-октябрынан 2024-жылдын 5-февралына чейин Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары;
— 2024-жылдан апрель айынан бери «Экпродукт Азия» жоопкерчилиги чектелген коомунда башкаруу менеджери болуп иштеген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.